Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 7-майы № 74
«Ак-Суу Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2018-жылга түзүлгөн жылдык жана инвестициялык планын жана типтүү келишимин бекитүү жөнүндө»
Ак-Суу ЖПБнин төрагасы Ы.Жумабаевдин 2018-жылга түзүлгөн жылдык, инвестициялык планын жана типтүү келишимин бекитүү жөнүндө билдирүүсүн (билдирүү тиркелет) угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак Суу ЖПБнин төрагасы Ы.Жумабаевдин 2018-жылга түзүлгөн жылдык жана инвестициялык планы бекитилсин.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесине түшүүчү акча каражатын типтүү келишимдин негизинде 320 ООО сомду толугу менен өткөрүп берилсин.
3. 2018-жылга түзүлгөн жылдык жана инвестициялык пландын аткарылышын камсыз кылуу жагы ЖПБнин төрагасы Ы.Жумабаевке, жайыт пайдалануучулар бирикмесине түшүүчү 320000 сомду типтүү келишимдин негизинде өткөрүп берүү жагы айыл Өкмөтүнүн КЭБнүн башчысы Х.Кушбаковго жүктөлсүн.
Төрага | А. Саматов |