Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-августу № 77
«Айыл аймагында эпизотологиялык абалды жакшыртуу багытында ветинспектордун аткарып жаткан иштери жөнүндө»
Айыл аймагында эпизотологиялык абалды жакшыртуу багытында ветинспектордун аткарып жаткан иштери жөнүндө вет.инспектор А.Маматкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн вет инспектору А.Маматкуловдун аткарып жаткан иштеринде кемчиликтер бар экендиги эске алынып, аткарган иштери канааттандырылсын деп табылсын. (билдирүү тиркелет)
Төрага | А. Саматов |
Өкмѳтүнүн аймагындагы Ак-Суу ветеринардык сервисинин 2018-жылдын алты айлыгындагы аткарган жумуштары боюнча маалымат.
1. Ири мүйүздүү малдар боюнча:
- Бруцеллез ыланын алдынын алуу жана аныктоо үчүн ири мүйүздүү малдардан анализ (кан) алуу алты айлык планда 1600 баш. Аткарылганы 1418 баштан анализ алынды.
-.Шарп (аксыл) ыланынын алдын алуу боюнча алты айлык планда 4500 баш ири мүйүздүү эмдѳдѳн ѳтүү керек, аткарылышы 4500 баш.
-Карасан ыланына каршы эмдѳѳ боюнча планда 1500 баш. Аткарылышы 1800 баш.
2. Майда мүйүздүү малдар боюнча:
-Кул ыланына каршы эмдѳѳ алты айлык планда 1800 баш. Аткарылышы1800 баш.
2. Иттер боюнча:
- Кутурма ыланына каршы эмдѳѳ алты айлык планда 300 баш, аткарылганы 301 баш.
-Эхинококкоз (ич-куртар) га каршы алдын ала дарылоо планда 600 баш. Аткарылганы 735 баш.
-Жолбун иттерди атуу 83 башка аткарылды.
Вет.инспектор: А. Маматкулов