Загрузка документа…
МАЙМАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-февралы № 1
“ Маймак аймактык Кеңешинин 2017-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндөгү отчетун кабыл алып жана 2018-жылдын бюджетинин көлөмүн бекитүү жөнүндө”
Маймак аймактык Кенешинин 2017-жылдагы бюджетинин аткарылышы тууралуу отчету угуп, 2018-жылкы бюджетинин болжолдуу эсептөөлөрдүн негизинде талкуулангандан кийин, Маймак аймактык Кенеши төмөндөгүдөй
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. Маймак аймактык кенешинин 2017 жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү тендештирүүчү грант менен бирге 4372,8 мин сом болгондугу анын ичинен 105,1 мин сому ата-энелерден түшкөн төлөм экендиги, ошондой эле 2016 жылдын этегинде айыл өкмөтүнүн эсебинде 162,3 мин сом үнөмдөлгөнүн, ал эми бюджеттин чыгаша бөлүгү атайын каражаттар чыгымын кошкондо 4448,2 мин сом ушул себептуу казына бөлүмүндөгү айыл өкмөтүнүн счетунда 2018-жылдын аягында 90,1мин сом акчалай каражат үнөмдөлгөндүгү жана жогорудагы цифрага толугу мене отчет кабыл алынгадыгы бекитилсин.
2. Маймак айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы бюджетинин көлөмү тендештирүүчү грант менен бирге 3072.5 мин сом ошондой эле чыгаша бөлүгү дага 3072.5 мин сом өлчөмүндө бекитилип, бирок электро-энергия үчүн лимит боюнча 1032.1 мин сом болсо каражаттын жетишсиздигинен 707,2 мин сом өлчөмүндө б.а 327,9 мин сомго аз бекитилгендиги белгиленсин. Бул каражат КРнын финансы Министрлигинен кошумча суралсын.
3. Маймак айыл өкмөтүнүн кирешелер бөлүгү төмөнкү кирешелер булактарынын негизинде аныкталсын.
4. Кирешенин баардык түрү 642,5
Салыктык кирешелер баардыгы 513,5
Кирешелер салыгы баардыгы 502,5
Подоходный налог 272,0
Патенттик негиздеги салык 47,9
Транспорт ээлеринен алынуучу салык 40,0
Кыймылсыз мүлккө салык 24,7
Жерден түшүүчү салык баардыгы 117,9
Анын ичинен
Огороддон тушуучу салык 30,0
Айыл чарба багытындагы жерлерден тушуучу сал 47,9
Айыл чарба багытындагы эмес жердин салыгы 40,0
Сатуудан түшкөн салык 11,0
ФПСтин жерлеринен аренда акысы 20,0
Ата-энелерден алынуучу төлөм 109,0
Тендештируучу гран 2430,0
Баардык киреше 3072,5
Маймак айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгү төмөнкү тармактарды каржылоого жумшалары бекитилсин.
Элге билим берү тармагына 1047,2 мин сом
Анын ичинен орто мектепке 740,2
Балдар бакчасына 307,0
Мадан6ият бөлүмүнө 174,1
Анын ичинен клуб 174,0
Айыл өкмөтүнүн аппаратына 1851.2 мин сом
Жалпы чыгаша 3072,5 мин сом
Тендештируучу грант максаттуу түрдө биринчи кезекте айлык акы, соц.фонд, коммуналдык чыгымдар, тамак-аш чыгымдарына жана интернет байланыштары көмүр алуу үчүн жумшалары бекитилсин.
Мындан тышкаары айыл өкмөтү тарабынан каржылануучу орто мектеп, клуб имараттарын электро энергия менен камсыз кылуу үчүн кошумча 329,7 мин сом, айыл өкмөттүн имаратынын ички жана тышкы капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн эсептөөлөрдүн негизинде 2300,1 мин сом жана аппараттын кызматкерлеринин айлык акысынын жогорулагандыгына байланычтуу кошумча 282,2 мин сом акча каражаты КР Финансы министрлигинен суралсын.
Айыл өкмөтүнүн бюджетине жыл ичинде өзгөртүүлөр болгон учурда бюджеттин киреше жана чыгаша статьяларына өзгөртүүлүрдү киргизү маселеси айылдык Кенештин сессиясында каралып токтомдун негизинде жүргүзүлсүн.
Маймак айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылышы жана бюджеттик каражаттарды сессияда бекитилген статьялар боюнча чыгымдалышын аткаруу милдети айыл өкмөттүн башкы бухгалтерии Б.Нусубалиевага жүктөлсүн жана көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы Н.У.Абдраимовго милдеттендирилсин.
Төрага | Дж. Кудайбергенов |