Загрузка документа…
МАЙМАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-февралы № 3
“ Маймак айыл өкмөтүнүн бюджетиндеги 2017-жылдагы ата-энелерден түшкөн 109,0 миӊ сомду бөлүштүрүү жана бекитүү жөнүндө”
Маймак айыл өкмөтүнүн бюджетиндеги 2017-жылдагы ата-энелерден түшкөн 109,0 миӊ сомду бөлүштүрүү жана бекитүү жөнүндө Маймак айылдык Кеңеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Маймак айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы ата-энелерден түшкөн 109.0 миң сому айыл өкмөтүнө “Келечек” балдар бакчасынын балдарына тамак аш чыгымына жумшалары жана ар бир балага күнүнө 18 сомдон чыгымдалары бекитилсин.
Ошондой эле айыл өкмөтү тарабынан бюджеттик каражаттан 18 сом экендиги бекитилсин
2. Жогорудагы чечимди аткаруу милдети айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Б.Нусубалиевага милдеттендирилсин.
Төрага | Дж. Кудайбергенов |