Загрузка документа…
МАЙМАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-февралы № 4
“Маймак айыл ичиндеги темир жол вокзалын Маймак айыл өкмөтүнүн балансына киргизүү жөнүндө”
Маймак айылындагы көп жылдан бери кароосуз калган темир жол вокзалын Маймак айыл өкмөтүнүн балансына киргизүү үчүн Маймак айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Темир жол вокзал имараттын аянтын жана ага тиешелүү жерин тактап берүү жагын Маймак айыл өкмөтүнүн жер боюнча адиси Кудайбергенов А милдеттендирилсин.
2 Кара-Буура райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына мамлекеттик гос АКТ берүү жагы суралсын.
3 Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Маймак айыл өкмөтүнүн башчысы Н.У.Абдраимовго жүктөлсүн.
Төрага | Дж.Кудайбергенов |