Загрузка документа…
МАЙМАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-октябры № 1
Кыргыз Республикасынын президентинин 2018- жылдын 17-октябрындагы №242
буйругунун негизинде, Президенттик фонддон социалдык коргоо жана финансылык колдоо үчүн Маймак айыл өкмөтүнө бөлүнүп берилген 1000,0 мин сом( бир миллион) сом акчалай каражат Маймак айылына кичи футбол аянтчасын курууга жумшоо жөнүндө Маймак айылдык Кеңеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын президентинин 2018 жылдын 17-октябрындагы № 242 буйругунун негизинде , Президенттик фонддон социалдык коргоо жана финансылык колдоо үчүн Маймак айыл өкмөтүнө бөлүнүп берилген 1000,0 мин сом( бир миллион) сом акчалай каражат Маймак айылына кичи футбол аянтчасын куруу үчүн жумшалсын.
2. Берилген акча каражатын которуп берүү үчүн Маймак айыл өкмөтүнүн аппарат бөлүмүнө Кара- Буура райондук казына бөлүмүнөн атайын каражат эсебин ачып берүү жагы суралсын.
3. Жогорудагы токтомду аткаруу милдети Маймак айыл өкмөтүнүн башчысы Н.У.Абдраимовго жүктөлсүн.
Төрага | Дж.Кудайбергенов |