Загрузка документа…
МАЙМАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-октябры № 2
“Айылдык Кеңештин токтомдорун мамлекеттик тилде жүргүзүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Талас областык юстиция башкармалыгынан 2015-жылдын 04-июнундагы № 01-23/270 чыгыш сандуу каты айылдык кеңештин отурумунда каралып жана талкууланып Маймак айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык кеңештен чыккан токтомдор мамлекеттик тилде жана кабыл алынып, Кыргыз Республикасынын юстиция министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилип турсун.
2. Айылдык кеңештин токтомдорун Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизип туруу жоопкерчилиги айылдык кеңештин жооптуу катчысы Н.Ниязалиевага жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | Дж.Кудайбергенов |