Загрузка документа…
КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 16-октябры № 24
Кууганды айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.ИСКАКБ нын бухгалтери А.Жумабаев Таза-суунун убактылуу жетекчиси болуп дайындалсын.
2.ИСКАКБнын 9 айда аткарган отчету толук болбой калганына байланыштуу 2017-2018-жылдарды декабрь айына чейин кайра толуктап тактап берүү
Таза-суунун убактылуу жетекчиси А.Жумабаевге милдеттендирилсин.
2. МТС техникалары боюнча Айыл өкмөтүнүн маалыматы “канааттандырарлык” деп табылсын.
3. Үч-Эмчек айылынын Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси К.Нусубалиеванын маалымат “канааттандырарлык” деп табылсын.
4. К.Каимов атындагы орто мектебинин директору А.Мамакееванын маалыматы канааттандырарлык деп табылсын.
5. Кууганды айыл өкмөтүнүн Экономика жана статистика боюнча жетектөөчү адиси К.Сатаев белгисиз себептер менен сессияга катышпай, маалымат бербегендиги үчүн, айыл өкмөтүнүн башчысы тартиптик чара колдонсун жана маалыматы кийинки сессияга калтырылсын.
6. 2018-жылдын 26-сентябрындагы 18-сессияда чыгарылган чечимдердин аткарылышы боюнча Кууганды айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жолдошовдун жана Жайыт комитетинин жетекчиси О.Сейталиевдин берген маалыматтары “канааттандырарлык” деп табылсын.
7. Муниципалдык менчикте турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө типтүү жобонун негизинде айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө жобосу бекитилсин.
8. Муниципалдык менчикте турган транспорт каражаттарын сатуунун тартиби жөнүндө типтүү жобонун негизинде айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган транспорт каражаттарын сатуунун тартиби жөнүндө жобосу бекитилсин.
9. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын Типтүү этикалык кодексинин негизинде Кууганды айылдык кеңешинин депутаттарынын Типтүү этикалык кодекси бекитилсин.
10. Кыргыз Республикасынын аксакалдар сотторунун ишинин Типтүү регламентинин негизинде Кууганды айыл аймагындагы аксакалдар сотунун Типтүү регламенти бекитилсин.
Төрага | Э.Тайтекеев |