Загрузка документа…
КАЙЫНДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29- сентябры № 27- 16/ 59
“2018-жылдын 9айында АВПнын аткарган иштери боюнча»
Арал АВПнын аткарган иштери үч жылдан бери дыйкандардын төлөмдөрү боюнча финансылык отчеттору такталбай бюджети бекитилбей ички иррегациялык системалары оңдотулбай, арыктар тазаланбай дыйкандар менен биргеликте ишти уюштуралбай жаткандыгына байланыштуу 2018-жылдын 9 айында аткарган иштери каралып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арал АВПнын 2018-жылдын 9 айында аткарган иштери канаттандырарлык эмес деп табылсын.
2. АВПнын финансылык, чарбалык иштери боюнча так маалымат айылдык аймактык кеңешинин кийинки отурума дайындалсын.
3. АВПнын ишмердүүлүгү убактылуу айыл өкмөтүнө өткөрүлүп берилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айыл өкмөтүнүн башчысы А.Изаковко тапшырылсын.
Төрага | Б.Алымбаев |