Загрузка документа…
КАЙЫНДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29- сентябры № 27- 16/ 60
“Арал ИСКАКБнын 2018-жылдын 9 айында аткарган иштери боюнча отчетун угуу”
Чеч-Дөбө айылынын тургундарына ичүүчү таза суу жетпей, жай мезгилинде таза суу тартыш болгон учурда ар бир кудук жамаатынын лидерлери менен бирдикте таза сууну үнөмдү пайдалануу жана жер алдындагы жарылган трубаларды оңдоо боюнча кетирилген кемчиликтерди жоюу максатында Арал айылынын ИСКАКБнын 2018-жылдын 9 айында аткарган иштерин карап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арал айылынын ИСКАКБнын 2018-жылдын 9 айында аткарган иштери канаттандырарлык деп табылсын.
2. Арал, Чеч-Дөбө айылдардын ичүүчү суу түтүктөрүн оңдоо, таза суу киргизилген үйлөрдүн тизмеси тактап берүү жана кетирилген кемчиликтерди жоюу боюнча ИСКАКБнын жетекчиси З.Анарбаевке тапшырма берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айыл өкмөтүнүн башчысы А.Изаковко тапшырылсын.
Төрага | Б.Алымбаев |