Загрузка документа…
КАЙЫНДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29- сентябры № 27- 16/ 62
“Айыл аймагы боюнча мал эмдөөгө бирдиктүү прейскурантты бекитүү жөнүндө”
Манас району боюнча жеке чарбадагы малдардын ар кандай жугуштуу ооруларды алдын алуу иштерин жүргүзүү үчүн элдин талабын эске алуу менен иштелип чыккан бирдиктүү прейскурант депутаттардын кароосуна сунушталып маселе каралып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Малдардын эмдөөсүнө карата сунушталган бирдиктүү прейскурант бекитилсин.
2. Малдардын эмдөөсүнө карата прейскурантта көрсөтүлгөн баалар боюнча элдин арасында түшүндүү иштерин жүргүзүү жагы ЖК башчысы Т.Керимбековко жана айыл өкмөтүнүн вет адиси А.Султаналиевке тапшырылсын.
Төрага | Б.Алымбаев |