Загрузка документа…
ЖАНЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 11-октябры № 16-27/4
«Жергиликтүү жарандардын кайрылуусун кароо боюнча»
Жаны-Жер айыл аймагынын жашоочуларынын жер маселеси боюнча кайрылууларын карап чыгып жана талкуулап
Жаны-Жер айылдык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаны-Жер кайыл аймагынын жашоочуларынын кайрылуусун кароо боюнча жогорку мамлекеттик бийлик органдарына расмий кайрылуу жөнөтүлсүн.
2. Жарандардын кайрылуусунда көрсөтүлгөн 1992 жылкы Кыргыз Республикасынын өкмөттүн №485 токтомунун аткарылыш жол жобосу боюнча жер адистеринин жана юристердин кенешине таянып маселени чечүү жолдору мыйзамдуу иликтенсин.
3. Токтомдун аткарылышы Жаны-Жер айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
Төрага | Бердигулов А.М. |