Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 9-апрели № 3
“Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы таза ичимдик суу ишканаларынын айыл тургундарына таза ичимдик суу берγγ боюнча жыйымдар тарифтерин бекитγγ жѳнγндѳ”
Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Катта-тал,Кызыл-Тейит, Жандама айылдарында жашоочу айыл тургундарынын 2018-жылдын 10- январындагы № 1жалпы чогулушун Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Катта-Тал,Кызыл-Тейит, Жандама айылдарында жашоочу айыл тургундарына жеткирилип берилген таза ичимдик суу γчγн тѳлѳнγγчγ жыйымдар тарифтерин карап чыгып жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу жана жергиликтγγ мамлекеттик администрация жѳнγндѳгу мыйзамына негиз Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектеги отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Катта-тал,Кызыл-Тейит, Жандама айылдарында жашоочу айыл тургундарынын 2018-жылдын 10- январындагы № 1 жалпы чогулушунун токтомунун негизинде
2 Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Катта-Тал жана Жандама айылдарында жашоочу айыл тургундарына жеткрилип берилген таза ичимдик суу саматок жол менен алынып келингендиги γчγн ар бир кожолуктан 50 (элү) сомдон жыйым алынышына макулдук берилсин.
3 Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Кызыл-Тейит айылынын тургундарына жеткрилип берилген таза ичимдик суу электр энергиясынын кγчγ менен алынып келингендиги γчγн айыл тургундарынын ар бир жан башы γчγн 15 (он беш) сомдон жыйым алынышына макулдук берилсин.
4 Ушул токтомдун негизинде айыл тургундарынан жыйым акчаларын топтоо жагы таза ичимдик суу ишканасы кызматкерлерине тапшырылсын.
5 Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кенештин бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А Имамов |
Жаңы-Ноокат айыл аймагынынын Катта Тал, Жандама,Кызыл-Тейит айылдарында жашоочу айыл тургундарынын жалпы чогулушунун
П Р О Т О К О Л У
Жаңы-Ноокат айылы №1 «10» Январь 2018-жыл
Чогулушка 127 айыл тургун катышты
Чогулуштун тѳрагасы Н Юлчиев
Чогулуштун катчысы Т Ниязалиева
Ч О Г У Л У Ш У Н П Р Е З И Д И У М У
1 Н Юлчиев айыл ѳкмѳтγнγн башчысы
2 М Хайдаралиев айыл ѳкмѳтунγн башчысынын орун басары
3 М Моминов таза суу ишканасынын жетекчиси
4 М Сабиров айыл башчысы
5 А Матисманов айыл башчысы
6 А Яйлапов айыл башчысы
7 Д Мамажанов айылдык кеңештин депутаты
8 М Кораболаев айылдык кеңештин депутаты
9 М Нишанбаев айылды кеңештин депутаты
К YН Т А Р Т И Б И Н Д Е
1 Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы Катта Тал, Кызыл-Тейит, Жандама айылдарында жашоочу айыл тургундарына жеткирилип берилген таза суу γчγн тѳлѳнγγчγ жыйымдар суммасын жана айлык эмгек акысын белгилөө жѳнγндѳ.
Кγн тартибиндеги маселе боюнча Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтγнγн башчысы Н Юлчиев маалымат жасап тѳмѳнкγлѳрдγ белгиледи.
Урматтуу чогулуш катышуучулары!
Айыл тургундарын таза ичимдик суу менен камсыз кылуу жана бар болгон суу тγтγктѳрγнан γнѳмдγγ пайдалануу, алардын сакталышын камсыз кылуу, жаны суу тγтγктѳрγн куруу иштерин бир системага салуу максатында Жаңы-Ноокат айыл ѳкмөтγ суудан пайдалануу муниципиалдык ишканасын уюштурган.
Мындан ары айыл калкын туруктуу таза ичимдик суу менен камсыз кылуу γчγн ичимдик суудан пайдалануучулардан суу тγтγктѳрγн туруктуу иштеши γчγн жана скважыналардын иштөөсү, аларга керектелγγчγ электр энергиянын акысы, ремонт иштери γчγн элден жыйым акчаларын чогултушубуз керек. Бул боюнча жер-жерлерде айыл тургундары менен чогулуштар ѳткѳрγлγп жатат.
Кызыл - Тейит айылынын тургундары таза ичимдик суудан пайдалангандыгы γчγн бир айга жан башына 15 сомдон топтолушуна макул болушту. Катта Тал жана Жандама айылынын тургундары бир айга ар бир кожолукка электр энергиясы сарпталбаган болсо 50 сомдон, Электр энергия сарпталса 100 сомдон жыйым топтоого макул болушту.
Бар болгон таза суу тγтγктѳрγн туруктуу иштетγγ γчγн жумушчу керек. Бул иштерди башкару γчγн уюштуруучу керек, суу тγтγктѳрγн ремонттоо, пайдаланылган электр энергиясы γчγн акысы тѳлѳѳ, зарыл болгон ремонт иштерин жγргγзγγ, иштегендерге тѳлѳнγлгѳнγ эмгек акылары γчγн, салык жана социалдык камсыздандыруу иштерин эсептөө γчγн кѳпчγлγк менен макулдашып жогорудагы жыйымдарды эсебин алуу γчγн анык калькуляция болбогондугунан кѳпчγлγк менен макулдашуу зарыл болду.
Ушул боюнча кимде кандай ой пикирлер бар.
Сѳз Кызыл -Тейит айылынын айыл башчысы А Матисмановго берилет.
Кызыл-Тейит айылынын тургундары менен болгон чогулушта таза ичимдик суу γчγн ар бир жанга бир айда 15 сомдон жыйым топтолушуна макул болгон. Ошодуктан Кызыл-Тейит айылынын тургундарынын макулдугун бекитип берилишин суранамын.
Сѳз Катта Тал айылынын айыл башчысы М.Сабировго берилет.
Урматтуу чогулуш катышуучулары!
Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтунγн Катта -Тал айылынын тургундары менен болгон чогулушта таза ичимдик суу менен камсыз болгон айыл тургундары айына ар бир кожолук электр энергиясынын жардамы менен таза ичимдик суу алса 100 сомдон, саматок жол менен ичимдик суу алса 50 сомдон жыйим берγγгѳ макул болушту. Ошондуктан айыл тургундарынын макулдугун колдоп берγγнγздарды суранамын.
Айылдык таза ичимдик суу муниципиалдык ишканасынын жетекчисине 10000 сомдон эсепчисине 8500 сомдон айлык эмгек акы белгиленишин сунуш кыламын.
Кγн тартибиндеги маселе боюнча сѳз уйлѳгѳн Жандама айылынын айыл башчысы А Яйлапов, айылдык кеңештин депутаты А Мамажанов, Кγнгѳй айылынын кѳчѳ комитети Я Имамов жана башкалар жогрудагы сунуштарды бир добуштан колдошту.
Угулуп жана талкууланган маселе боюнча Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Катта -Тал, Жандама,Кызыл-Тейит айылдарында жашоочу айыл тургундарынын жалпы чогулушу
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Таза ичимдик суу менен камсыз болгон Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Кызыл -Тейит айылы тургундарынан ичимдик суу алгандыгы γчγн ар бир жандан 15 сомдон жыйым алынсын.
2 Таза ичимдик суу менен камсыз болгон Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Катта Тал жана Жандама айылдарынын тургундарынан таза ичимдик суу алгандыгы γчγн ар бир кожолуктан электр энергиясынын жардамы менен таза ичимдик суу алса 100 сомдон, самоток жол менен таза ичимдик суу алса 50 сомдон жыйым алынсын.
3 Жаңы-Ноокат айыл аймагынын тургундарын таза ичимдик суу менен камсыз кылуу иштерин уюштургандыгы γчγн таза ичимдик сγγ муниципиалдык ишканасынын жетекчисне айына 10000 сомдон, эсеп иштерин жγгргγзγγчγ бухгалтерге 8500 сомдон айылык эмгек акы белгиленип берилсин.
3. Ушул т октомду бекитип берилиши Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтγнѳн жана Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин суралсын.
5 Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы таза суу боюнча айылдык муниципиалдык ишканасынын жетекчиси М Муминовго тапшырылсын.
Чогулуштун тѳрагасы Н Юлчиев
Чогулуштун катчысы Т Ниязалиева
Ч О Г У Л У Ш У Н П Р Е З И Д И У М У
1 Н Юлчиев айыл ѳкмѳтγнγн башчысы
2 М Хайдаралиев айыл ѳкмѳтунγн башчысынын орун басары
3 М Моминов таза суу ишканасынын жетекчиси
4 М Сабиров айыл башчысы
5 А Матисманов айыл башчысы
6 А Яйлапов айыл башчысы
7 Д Мамажанов айылдык кеңештин депутаты
8 М Кораболаев айылдык кеңештин депутаты
9 М Нишанбаев айылды кеңештин депутаты