Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-апрели № 2
“Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтγндѳ кызмат кѳрсѳтγγнγн уюштуруу стратегиясын жана стратегиянын иш жγзγнѳ ашыруу боюнча Жоболорду бекитγγ жѳнγндѳ”
Стратегия муниципалитеттин туруктуу ѳнγгγсγнγн ишке ашыруу механизимдеринин бири болуп эсептелет. Ал жергиликтγγ деңгээлде кызмат кѳрсѳтγγлдѳрдγ уюштуруу маселелерине тиешелγγ болот. Алар белгилγγ бир ресурстар менен бекемделип,алдыга коюулган маселелерди чечγγ боюнча иш-аректтерге кѳрсѳтмѳлѳр берилет. Эрежеге ылайык,жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу органынын уюштуруу γчγн жоопкерчилик алган кызмат кѳрсѳтγγ Ѳнγктγрγγ программасын ишке ашыруунун соңкγ жыйынтыгы болуп эсептелет. Ушул Стратегия кызмат кѳрсѳтγγлѳр чѳйрѳсγн уюштуруу γчγн башкаруучулук чечимдерди кабыл алуусуна негизделет жана бекитилген Жоболорду негизинде иш жγзγнѳ ашырылат. Инфраструктуралык ѳндγрγштγк-чарбалык мγнѳздѳгγ иш-арекеттерди караштырбайт.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу жѳнγндѳ” Мыйзамына таянып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектен тышкаркы сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтγндѳ кызмат кѳрсѳтγγнγн уюштуруу стратегиясы жана Жоболору бекитилсин
2. Кызмат кѳрсѳтγγнγн уюштуруу стратегиясынын тизмегинде кѳрсѳтγлгѳн жумуштарды аткаруу боюнча иш-чараларды ѳз убагында бекитилген Жоболордун негизинде аткарылышы камсыз кылуу жагы Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтγнѳ тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А Имамов |
Жаны-Ноокат айылдык аймагынын
айылдык кеңешинин
2018-жылдын «18» апрелинин
№ 2 токтому менен бекитилди
КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮ УЮШТУРУУ СТРАТЕГИЯСЫ
ЖАНЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫ
НООКАТ РАЙОНУ
ОШ ОБЛУСУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
1. Киришүү
Стратегия муниципалитеттин Туруктуу өнүгүүсүнүн Стратегиясынын (ТӨС) ишке ашыруу механизмдеринин бири болуп эсептелет. Ал жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу маселелерине тиешелүү болот. Жергиликтүү жамааттын артыкчылыктуу маселелери калктан түшкөн структурага салынган суроо-талаптар жана каалоо-тилектери түрүндө ТӨС да чагылдырылат. Алар белгилүү бир ресурстар менен бекемделип, алдыга коюлган маселелерди чечүү боюнча иш-аракеттерге көрсөтмөлөр берилет. Эрежеге ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары уюштуруу үчүн жоопкерчилик алган кызмат көрсөтүү Өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун соңку жыйынтыгы болуп эсептелет.
Ушул Стратегия кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүн уюштуруу үчүн ЖӨБ органдарынын башкаруучулук чечимдерди кабыл алуусуна негизделет жана инфраструктуралык, өндүрүштүк-чарбалык мүнөздөгү иш-аракеттерди караштырбайт. Стратегия төмөнкүдөй жыйынтыктарга жетүүгө жардам берет:
1. Жарандар алардын суроо-талаптарына жана күтүүлөрүнө негизделген сапаттуу, туруктуу кызмат көрсөтүүгө жетет.
2. ЖӨБ органдары кызмат көрсөтүүлөрдү эң эффективдүү ыкма менен жеткирүү процессин уюштура алышат – азыраак чыгым менен максималдуу жыйынтыкка жетет.
3. Кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчүлөр ЖӨБ органдары менен өз ара пайдалуу келишимдерди түзүп, кызмат көрсөтүүнү аткаруу үчүн түшүнүктүү эрежелерди алышат, туруктуулук үчүн негиз пайда болот.
Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу этаптарын ырааттуу аткаруу Кенеш айылдык аймагында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүн өнүктүрүүгө көмөктөшөт.
2. Стратегиянын максаттары жана милдеттери.
Кызмат көрсөтүүнү уюштуруу стратегиясынын максаты – Жаны-Ноокат айыл аймагында жогорку сапаттагы жана азыраак чыгымдар менен кызмат көрсөтүүнүн натыйжалуу системасын камсыздоо.
Коюлган максатка жетүү үчүн төмөндөгү милдеттер аткарылды:
1) Кызмат көрсөтүүнү уюштуруу стратегиясын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча туруктуу иштеген жумушчу топ түзүлдү.
2) Кызмат көрсөтүүнүн приоритеттүү түрлөрү Жаны-Ноокат айылдык аймагынын 2013-2017 жылдарга Туруктуу өнүгүүсүнүн стратегиясына ылайык аныкталды, аларды уюштуруусу жана жакшыртуусу ушул Стратегия аныктады.
3) Учурдагы абалга талдоо жүргүзүүлдү.
4) Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруунун натыйжалуу методдорунун жолдору аныкталды.
5) Стратегияны ишке ашырууга мониторинг жана баалоо жүргүзүү системасы иштелип чыкты.
3. Жумушчу комиссиянын курамы.
Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча жумушчу топ Жаны-Ноокат АӨ башчысынын 2017-жылдын 23-ноябрында № 165 - буйругунун негизинде түзүлдү.
Жумушчу комисссиянын курамы:
№ | Ф А А
| Жасаган иши/Ээлеген кызмат оорду | Байланыштар |
1 | Хайдаралиев Махамадали | АӨ башчысынын орун басары, Жумушчу комиссиянын жетекчиси
| 0555-11-42-71 |
2 | Ниязалиева Толгонай | АӨ жооптуу катчысы, Жумушчу комиссиянын жетекчисинин орун басары
| 0777-69-16-76 0558-63-63-61 |
3 | Худайназаров Абдирахман | Социалдык сектор башчысы | 0555-05-00-72 |
4 | Моминов Муйдинжон | ИСКАКБ жетекчиси | 0555-80-88-61 |
5 | Сабиров Маматюсуп | айыл башчы | 0550-74-33-65 |
6 | Яйлапов Абдувахаб | айыл башчы | 0551-31-55-85 |
7 | Корганова Самида | бала бакча жетекчиси | 0554-28-37-00 |
8 | Матисманов Акжол | айыл башчы | 0773-17-84-83 |
9 | Эргашев Эргашали | АӨ жер адиси | 0550-54-58-01 |
10 | Бакыев Султанали | СПА жетекчиси | 0558-00-04-05 |
11 | Акйолов Нурмухаммад | АӨ IT адиси | 0772-83-61-22 0558-66-08-07 |
4. Стратегияга кошуу үчүн артыкчылыктуу кызмат көрсөтүүлөрдү тандап алуунун методологиясы
Башында эле Стратегияга кошуу үчүн артыкчылыктуу кызмат көрсөтүүлөрдү тандап алуунун Критерийлери аныкталган:
Андан кийин фокус топтун катышуучуларын Жаны-Ноокат айылдык аймагынын 2013-2017 жылдарга Стратегиялык өнүгүү планына (СӨП) кирген иш-чаралар менен тааныштырышты. Ошондой эле USAIDдин «Ийгиликтүү аймак» Долбоорунун ишинин алкагында өткөрүлгөн 2017-жылдын 24-ноябрында ЖӨБОнун кызмат көрсөтүүлөрдүн артыкчылыктуусун тандап алуу боюнча жолугушуусунун жыйынтыктары тартууланды.
Фокус топтун катышуучуларына кызмат көрсөтүүлөрдүн артыкчылыктуусун тандап алуунун жыйынтыктары Долбоордун консультанттары сунуштаган критерийлерге канчалык шайкеш келгенин баалоо сунушталды. Андан кийин фокус топтун катышуучулары Стратегияга кошуу үчүн потенциалдуу кызмат көрсөтүүлөрдү тандашты. Тандалган кызмат көрсөтүүлөр буга чейин 2013-2017 жылдарга бекитилген СӨПнын иш-чаралар тизмегине киришкен.
5. Артыкчылыктуу кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеги
Стратегияга кошуу үчүн тандалып алынган кызмат көрсөтүүлөрдүн соңку тизмеги төмөнкүдөй болду (алган добуштардын саны көрсөтүлүп, артыкчылыктуулугуна жараша бөлүштүрүлдү):
№ | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Стратегияга киргизүү үчүн негиздеме (Көйгөйдүн баяндалышы) |
1 | Таштанды чыгаруу кызматын жакшыртуу | Негизги көйгөй:
Себептери: · Айыл аймак боюнча таштанды чыгарып, ташый турган ишкана бар, бирок толук кандуу иштебей турат. · Таштанды чогултуучу контейнерлер жетишсиз. · Таштанды жеткире турган полигон жок (Бирок “Жаны-Ноокат Тазалык” муниципалдык ишканасы бар) Кесепеттери:
|
2 | Ичүүчү суу менен камсыз кылуу кызматын жакшыртуу | Негизги көйгөй:
Себептери:
Кесепеттери:
|
3 | Мектепке чейинки билим берүү кызматын уюштуруу | Негизги көйгөй:
Себептери:
Кесепеттери
|
|
№1 Кызмат көрсөтүүнүн аталышы: Таштанды чыгаруу кызматын жакшыртуу 1.1 Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары (Таштанды чыгаруу кызматын жакшыртуу) 1.2 Кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча иш-аракеттер планы (Таштанды чыгаруу кызматын жакшыртуу) |
1.1 Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары (Таштанды чыгаруу кызматын жакшыртуу)
№ | Стандартты иштеп чыгуу үчүн критерий | Кызмат көрсөтүүнүн стандарты |
1. | Жеткиликтүүлүк | - Ар бир кожолуктан таштандыларды чыгарууга шарт түзүлөт. - Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматтын элге жеткиликтүүлүгү. |
2. | Ыңгайлуулук | - Таштанды ар бир үйдүн алдынан алынып чыгылат. - КТКны жумушчулар машинага жүктөшөт. - Жашоочулар кайсы күнү таштанды алып чыгуучу унаа келээрин билишет. |
3. | Кызмат көрсөтүүнүн сапаты | - КТК жыйноо жери таза бойдон калат. - КТК жыйноо үчүн иштеген атайын техника жана квалификациялуу жумушчулар тартылат. - Белгиленген графиктен өзгөрүүсүз, өз убагында таштанды чыгарылып турат. |
4. | Ишке ашырылган убактысы | - Кызмат көрсөтүү түзүлгөн графикке ылайык ишке ашырылат. - Таштанды чыгаруу кызматы аптасына бир жолу көргөзүлөт. |
1.2 Кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча иш-аракеттер планы (Таштанды чыгаруу кызматын жакшыртуу)
№ | Кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча иш-аракеттер | Күтүлгөн жыйынтык/ продукт | Ресурстар | Өткөрүү мөөнөтү | Жооптуу | ||
Максаты: Жаны-Ноокат айылдык аймагында КТК чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу | Күтүлгөн жыйынтык (индикатор) - Жаны-Ноокат айылдык аймагында КТК чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүү толук кандуу ишке кирди, жөнгө салынды. | ||||||
№1 тапшырма: Таштанды таштоочу полигонду даярдоо | Күтүлгөн жыйынтык (индикатор): Таштанды таштоочу полигон даярдалды | ||||||
1.1 | Жаны-Ноокат айыл аймагында таштанды таштоочу жайды трансформациялоо | КР Өкмөтүнүн трансформациялоо боюнча токтому | Айыл өкмөтү Жергиликтүү кенештин депутаттары | Трансформация боюнча мөөнөт белгисиз, бирок документтер жөнөтүлгөн | Айыл өкмөтү | ||
№2 тапшырма: Кызмат көрсөтүүнүн баасын эсептөө | Күтүлгөн жыйынтык (индикатор): - Кызмат көрсөтүүнүн баасы эсептелинди | ||||||
2.1. | КТК чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүнүн тарифин рентабелдүүлүгүн эсепке алуу менен иштеп чыгуу | - КТК чыгаруу үчүн тарифтин көлөмүнүн долбоору иштелип чыкты | - Жумушчу комиссия - Айыл өкмөтүнүн аппараты - USAID дин “Ийгиликтүү аймак” Долбоору. | Июнь, 2018-ж | - Жумушчу комиссиянын төрагасы - ФЭБ жетекчиси - Айыл өкмөттүн соцкызматкери | ||
№3 тапшырма: Кызмат көрсөтүүнүн баасын макулдашуу жана ресурс менен толтуруу | Күтүлгөн жыйынтык (индикатор): - Баасы (тарифтер) жергиликтүү жамаат менен макулдашылды; - Кызмат көрсөтүүлөр үчүн каржылоо булактары аныкталды. | ||||||
3.1. | Коомдук угууларда же айылдык чогулуштарда тарифти жергиликтүү жамаат менен талкуулоо, макулдашуу жана кызмат көрсөтүүнүн басын ресурс менен толуктоо | - КТК жыйноо үчүн тарифтин көлөмүн жактыруу тууралуу коомдук угуулардын протоколу | - Жумушчу комиссия - Айыл өкмөтүнүн аппараты - USAID дин “Ийгиликтүү аймак” Долбоору. | Июнь, 2018-ж | - Жумушчу комиссиянын төрагасы - ФЭБ жетекчиси - Айыл өкмөттүн соцкызматкери - Айылдардын башчылары - АК депутаттары | ||
3.2. | Жергиликтүү кеңештин КТК чыгаруу үчүн тарифти бекитүүсү | - КТК чыгаруу үчүн тарифти бекитүү тууралуу жергиликтүү кеңештин токтому | - Жумушчу комиссия - Айыл өкмөтүнүн аппараты - Жергиликтүү кеңештин профилдик комитети - Жергиликтүү кеңеш - USAID дин “Ийгиликтүү аймак” Долбоору. | Июль, 2018-ж | - Жумушчу комиссиянын төрагасы - Айыл өкмөттүн ФЭБ жетекчиси - Жергиликтүү кеңештин профилдик комитетинин төрагасы - Жергиликтүү кеңештин төрагасы | ||
№4 тапшырма: Кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчүнү тандап алуу | Күтүлгөн жыйынтык (индикатор): - Кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчү (провайдер) тандалып алынды | ||||||
4.1. | Кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчүнү тандап алуу боюнча ачык конкурсту өткөрүү тартибин иштеп чыгуу жана бекитүү | - Конкурсту өткөрүү тартиби боюнча Жобону бекитүү тууралуу жергиликтүү кеңештин токтому - Конкурсту өткөрүү тартиби боюнча Жобо | - Жумушчу комиссия - Жергиликтүү кеңеш - Айыл өкмөтүнүн аппараты - USAID дин “Ийгиликтүү аймак” Долбоору. | Июль, 2018-ж | - Жумушчу комиссиянын төрагасы - Жергиликтүү кеңештин төрагасы - Айыл өкмөт аппаратынын профилдик адиси | ||
4.2. | Конкурстук комиссияны түзүү | - Конкурстук комиссияны түзүү жөнүндө айыл өкмөт башчынын буйругу | - Жумушчу комиссия - Айыл өкмөтүнүн аппараты | Июль, 2018-ж | - Жумушчу комиссиянын төрагасы - Айыл өкмөт башчысы - Жооптуу катчы | ||
4.3. | Жеткирип берүүчүнү тандап алуу боюнча конкурсту өткөрүү | - Кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчүнү тандап алуу боюнча конкурстук комиссиянын протоколу | - Конкурстук комиссия - Айыл өкмөтүнүн аппараты | Июль, 2018-ж | - Конкурстук комиссиянын төрагасы - Айыл өкмөт аппаратынын профилдик адиси | ||
4.4. | Айыл өкмөтү менен кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчү ортосунда тейлөө келишимин иштеп чыгуу, аны түзүү | - Кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчү тууралуу тейлөө келишими | - Айыл өкмөтүнүн аппараты - Жумушчу комиссия - Кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчү | Август, 2018-ж | - Айыл өкмөт башчысы - Жумушчу комиссиянын төрагасы - Жооптуу катчы - Кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчү | ||
4.5. | Муниципалдык мүлктү колдонуу келишимин даярдоо, түзүү (ижарага берүү, чарба жүргүзүү) | - Муниципалдык мүлктү колдонууга келишим (ижара, чарба жүргүзүү) | - Айыл өкмөтүнүн аппараты - Жумушчу комиссия - Кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчү | Август, 2018-ж | - Айыл өкмөт башчысы - Жумушчу комиссиянын төрагасы - Жооптуу катчы - Кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчү | ||
4.6. | Кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчү менен абоненттер ортосунда келишимди иштеп чыгуу, абоненттик келишимди түзүү | - Кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүү тууралуу абоненттик келишим | - Кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчү - Айыл өкмөтүнүн аппараты - Абоненттер | Август, 2018-ж | - Кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчү - Абоненттер | ||
№5 тапшырма: Кызмат көрсөтүүнүн сапатына коомдук мониторинг | Күтүлгөн жыйынтык (индикатор): - Жергиликтүү жамаат кызмат көрсөтүү боюнча мониторинг жана баалоо тууралуу маалыматка ээ болду | ||||||
5.1. | Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу (БМжБТ) тууралуу Жобону иштеп чыгуу жана бекитүү | - Жергиликтүү кеңештин токтому | - Жумушчу комиссия - Жергиликтүү кеңеш - Айыл өкмөтүнүн аппараты - USAID дин “Ийгиликтүү аймак” Долбоору. | Апрель, 2018-ж | - Жумушчу комиссиянын төрагасы - Жергиликтүү кеңештин төрагасы - Айыл өкмөт аппаратынын профилдик адиси | ||
5.2. | Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобун (БМжБТ) түзүү | - БМжБТ түзүү жөнүндө айыл өкмөт башчысынын буйругу | - Жумушчу комиссия - Айыл өкмөтүнүн аппараты - CAMI | Май, 2018-ж | - Айыл өкмөт башчысы - Жумушчу комиссиянын төрагасы - Жооптуу катчы | ||
5.3. | Кызмат көрсөтүүнүн сапатына мониторинг жана баалоо жүргүзүү | - Мониторингдин жыйынтыктары боюнча БМжБТ актысы - БМжБТ отчету | - БМжБТ | Сентябрь – Ноябрь, 2018-ж | - БМжБТ төрагасы
| ||
№2 Кызмат көрсөтүүнүн аталышы: Ичүүчү суу менен камсыз кылуу кызматын жакшыртуу 2.1 Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары (Ичүүчү суу менен камсыз кылуу кызматын жакшыртуу) 2.2 Кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча иш-аракеттер планы (Ичүүчү суу менен камсыз кылуу кызматын жакшыртуу) |
2.1 Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары (Ичүүчү суу менен камсыз кылуу кызматын жакшыртуу)
№ | Стандартты иштеп чыгуу үчүн критерий | Кызмат көрсөтүүнүн стандарты |
1 | Жеткиликтүүлүк | - Сууну түтүк менен ар бир кожолуктун короосуна киргизүү. - Суу эсептегичтерди орнотуу. - Жаңы конуштарга суу жеткирүү |
2 | Ыңгайлуулук | - Эгерде түтүк иштен чыкса же жарылып калса үч-беш күндүн ичинде алмашылат. - Ичүүчү суунун сапатын көзөмөлдөйт, коопсуздук нормаларына жооп берет. - Ичүүчү суунун дезинфекциясынын эффективдүүлүгү. - Реагенттердин жана материалдардын сертификаттарын колдонуу. - Булгоочу булактардан суу берүүчү аймакты сактоо. - Суу сактоочу жайлардын коопсуздугун сактоо (тосмо менен тосуу) |
3 | Кызмат көрсөтүүнүн сапаты | - Суунун сапаты Кыргыз Республикасынын мыйзамы Ичүүчү суунун коопсуздугу боюнча Техникалык регламентине ылайык болуусу - СЭС менен болгон келишимге ылайык - Абоненттер менен келишимге ылайык |
4 | Ишке ашырылган убактысы | - Ичүүчү сууну күнүнө 12 сааттан кем эмес берилип турушу. |
2.2 Кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча иш-аракеттер планы (Ичүүчү суу менен камсыз кылуу кызматын жакшыртуу)
№ | Кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча иш-аракеттер | Күтүлгөн жыйынтык/ продукт | Ресурстар | Өткөрүү мөөнөтү | Жооптуу | |||||
Максаты: Жаны-Ноокат айыл аймагындагы жашоочуларды ичүүчү суу менен сапаттуу, үзгүлтүксүз камсыз кылуу. | Күтүлгөн жыйынтык (көрсөткүч): - Жашоочулардын ден соолугу жакшырат. - Социалдык көйгөйлөр чечилет. - Жашоочулардын өмүрү узарат. | |||||||||
№1 тапшырма: ИСКАКБлардын (2) экономикалык туруктуулугунун мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө | Күтүлгөн жыйынтык (көрсөткүч): - ИСКАКБлардын экономикалык туруктуулугуна багытталган иш-чаралар аныкталды | |||||||||
1.1. | ИСКАКБнын учурдагы экономикалык абалынын талдоосу жана ИСКАКБнын экономикалык туруктулугун жогорулатуу боюнча иш чараларын иштеп чыгуу. | - Катышуучулардын тизмеси - Аналитикалык кат - Жумушчу комиссиянын отурумдарынын протоколу. | - ИСКАКБ; - Жумушчу комиссия; - Айыл өкмөт аппараты; - USAID дин “Ийгиликтүү аймак” Долбоору
| Июнь, 2018-жыл | - ИСКАКБнын төрагасы; - Айыл өкмөт башчысы; - Жумушчу комиссиянын төрагасы; - USAID дин “Ийгиликтүү аймак” Долбоорунун. консультанттары жана жергиликтүү адистер | |||||
№2 тапшырма: Кызмат көрсөтүүнүн наркын эсептөө | Күтүлгөн жыйынтык (көрсөткүч): - Ичүүчү суу менен камсыз кылуу кызматынын наркынын эсеп-кысабынын долбоору даярдалды | |||||||||
2.1. | Ичүүчү суу менен камсыз кылуу кызмат көрсөтүүнүн тарифтертерин эсептөө боюнча жана ИСКАКБ ны туруктуу башкаруу боюнча тренинг өткөрүү | - Катышуучулардын тизмеси; - Таркатма материалдар | - Жумушчу комиссия; - Жергиликтүү кеңеш; - Айыл өкмөт аппараты; - ИСКАКБ; - USAID дин “Ийгиликтүү аймак” Долбоору. | Июнь, 2018-жыл | - Жумушчу комиссиянын төрагасы; - Жергиликтүү кеңештин төрагасы; - Айыл өкмөттүн ФЭБ башчысы; - ИСКАКБ Төрагасы; - USAID дин “Ийгиликтүү аймак” Долбоорунун консультанттары жана жергиликтүү адистер | |||||
2.2. | Ичүүчү суу менен камсыз кылуу кызмат көрсөтүүсүнө тарифтин долбоорун иштеп чыгуу | - Ичүүчү суу менен жабдуу тарифинин долбоору | - ИСКАКБ; - Жумушчу комиссия; - Айыл өкмөт аппараты; - USAID дин “Ийгиликтүү аймак” Долбоору. | Июнь, 2018-жыл | - ИСКАКБ Төрагасы; - Жумушчу комиссиянын төрагасы; - Айыл өкмөттүн ФЭБ башчысы; - USAID дин “Ийгиликтүү аймак” Долбоорунун консультанттары жана жергиликтүү адистер | |||||
№3 тапшырма: Кызмат көрсөтүүнүн баасын макулдашуу жана ресурс менен толтуруу | Күтүлгөн жыйынтык (көрсөткүч): - Баасы (тарифтер) жергиликтүү жамаат менен макулдашылат; - Баасы (тарифтер) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы мамлекеттик агенттик менен макулдашылган; - Жергиликтүү кеңеш кызмат көрсөтүүнүн баасын бекитти; - Кызмат көрсөтүүлөр үчүн каржылоо булактары аныкталды. | |||||||||
3.1. | Кызмат көрсөтүүнүн баасын жергиликтүү жамаат менен талкуулоо, макулдашуу жана ресурс менен толуктоо | - Айылдык жыйындардын, коомдук угуулардын протоколу | - ИСКАКБ; - Жумушчу комиссия; - Жергиликтүү кеңеш; - Айыл өкмөт аппараты; - USAID дин “Ийгиликтүү аймак” Долбоору. | Июнь, 2018-жыл | - ИСКАКБнын төрагасы; - Жумушчу комиссиянын төрагасы; - Айылдык кеңештин төрагасы; - Айыл башчылар; - USAID дин “Ийгиликтүү аймак” Долбоорунун консультанттары жана жергиликтүү адистер | |||||
3.2. | Тарифтерди КР Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы мамлекеттик агенттик менен макудашуу | - Айыл өкмөттүн Монополияга каршы агенттике жөнөтөлгөн кат - КР Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы мамлекеттик агенттиктин корутундусу | - ИСКАКБ; - Жумушчу комиссия; - Айыл өкмөт аппараты;
| Июнь, 2018-жыл | - ИСКАКБнын төрагасы; - Жумушчу комиссиянын төрагасы; - Айыл өкмөттүн башчысы; | |||||
3.3. | Кызмат көрсөтүүнүн тарифин жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитүү | - Тарифти бекитүү тууралуу жергиликтүү кеңештин чечими. | - Жергиликтүү кеңеш; - Жумушчу комиссия; - Айыл өкмөт аппараты; - ИСКАКБ. | Июль, 2018-жыл | - Жергиликтүү кеңештин төрагасы; - ИСКАКБ нын төрагасы; - Жооптуу катчы; | |||||
№4 тапшырма: Кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчүнүн туруктуулугун камсыздоо жана келишимдик мамилелер | Күтүлгөн жыйынтык (көрсөткүч): - Кызмат көрсөтүүгө байланыштуу келишимдер түзүлдү. | |||||||||
4.1. | Айыл өкмөтү менен ИСКАКБ нын ортосунда тейлөө келишимин даярдоо, түзүү | - Кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүү тууралуу тейлөө келишими | - Айыл өкмөт аппараты; - Жумушчу комиссия; - ИСКАКБ; - USAID дин “Ийгиликтүү аймак” Долбоору. | Июль, 2018-жыл | - Айыл өкмөт башчы; - ИСКАКБ нын башчысы. | |||||
4.2. | Муниципалдык мүлктү колдонуу келишимин даярдоо, түзүү (ижарага берүү, чарба жүргүзүү)
| - Муниципалдык мүлктү убактылуу колдонуу боюнча келишим. | - Айыл өкмөт аппараты; - Жумушчу комиссия; - ИСКАКБ; - USAID дин “Ийгиликтүү аймак” Долбоору. | Август, 2018-жыл | - Айыл өкмөт башчы; - ИСКАКБ нын башчысы. - Айыл өкмөттүн ФЭБ башчысы | |||||
4.3. | ИСКАКБ менен абоненттер ортосунда келишимди иштеп чыгуу, абоненттик келишимди түзүү | - Кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүү тууралуу абоненттик келишим | - ИСКАКБ; - Айыл өкмөт аппараты; - USAID дин “Ийгиликтүү аймак” Долбоору. | Август, 2018-жыл | - ИСКАКБ нын башчысы. | |||||
№5 тапшырма: Кызмат көрсөтүүнүн сапатына коомдук мониторинг жүргүзүү | Күтүлгөн жыйынтык (көрсөткүч): - Кызмат көрсөтүүнүн сапатына туруктуу мониторинг жана баалоо системасы түзүлдү | |||||||||
5.1. | Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу (БМжБТ) тууралуу Жобону иштеп чыгуу жана бекитүү | - БМжБТ нын Жобосу жөнүндө Жергиликтүү кеңештин чечими | - Жумушчу комиссия; - Жергиликтүү кеңеш; - Айыл өкмөт аппараты; - USAID дин “Ийгиликтүү аймак” Долбоору. | Апрель, 2018-жыл | - Айыл өкмөт аппараты - Айылдык кеңештин төрагасы; | |||||
5.2. | Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобун (БМжБТ) түзүү | - БМжБТ түзүү жөнүндө айыл өкмөт башчысынын буйругу | - Жумушчу комиссия; - Айыл өкмөт аппараты; - ИСКАКБ; - USAID дин “Ийгиликтүү аймак” Долбоору | Май, 2018-жыл | - Айыл өкмөт башчысы - Жумушчу комиссиянын төрагасы | |||||
5.3. | Кызмат көрсөтүүнүн сапатына мониторинг жана баалоо жүргүзүү | - Мониторингдин жыйынтыктары боюнча БМжБТ актысы - БМжБТ отчету | - БМжБТ | Сентябрь, 2018-жыл | - Мониторинг жана баалоо тобунун төрагасы. | |||||
№3 Кызмат көрсөтүүнүн аталышы: Мектепке чейинки билим берүү кызматын уюштуруу 3.1 Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары (Мектепке чейинки билим берүү кызматын уюштуруу) 3.2 Кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча иш-аракеттер планы (Мектепке чейинки билим берүү кызматын уюштуруу) |
3.1 Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары (Мектепке чейинки билим берүү кызматын уюштуруу)
№ | Стандартты иштеп чыгуу үчүн критерий | Кызмат көрсөтүүнүн стандарты |
1 | Жеткиликтүүлүк | - Минимум 100 баланын бала-бакчага баруусуна шарт түзүлөт - Күнгөй участкасындагы ар бир кожолуктун балдарына мектепке чейинки билим берүүгө шарт түзүлөт. - 3 жаштан 6 жашка чейинки балдар камсыз болот. |
2 | Ыңгайлуулук | - Уктоочу бөлмөлөр менен камсыздалат; - Ойноочу жана билим берүүчү кааналар менен камсыз болот; - Ойноо аянтчасы түзүлөт - Санитардык жана гигиеналык эрежелерди сактоого шарттар түзүлөт - 3 маал тамак-аш менен камсыздалат. - Ата-энелер үчүн төлөм ыңгайлуу баада болот |
3 | Кызмат көрсөтүүнүн сапаты | - Санитардык жана гигиеналык талаптарга жооп берет - Тарбия жана билим берүү боюнча укуктук ченемдик актылардын талабына ылайык келет - Тамак-аш менен камсыз болуусу атайын нормаларга ылайык жургүзүлөт - Балдарга билим-берүүгө атайын квалификациясы бар тарбиячылар жана педагогдор тартылат. |
4 | Ишке ашырылган убактысы | - Балдар 9:00дон 18:00 го чейин билим жана тарбия алышат. - Билим жана тарбия берүү аптасына 5 күндү камтыйт.
|
3.2 Кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча иш-аракеттер планы (Мектепке чейинки билим берүү кызматын уюштуруу)
№ | Кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча иш-аракеттер | Күтүлгөн жыйынтык /продукт | Ресурстар | Өткөрүү мөөнөтү | Жооптуу | |||||||||
Максаты: Жаны-Ноокат айыл аймагында мектепке чейинки курактагы балдарга билим берүү менен камсыздоо жана жакшыртуу. | Күтүлгөн жыйынтык (индикатор): - Мектепке чейинки билим берүү мекемелерине барган балдардын минималдуу саны 100 баланы түздү | |||||||||||||
№1 тапшырма: Керектүү уруксат берүүчү иш-кагаздарын даярдоо жана алуу | Күтүлгөн жыйынтык (индикатор): - Керектүү документтер даярдалды жана алынды | |||||||||||||
1.1 | Райондук билим берүү (РайББ) бөлүмүнөн уруксат алуу, Окуу-тарбия методикасын макулдашуу | РайББ тарабынан тиешелүү уруксат берүүчү документтер даярдарды. Окуу-тарбия методикасы макулдашылды. | - USAID дин “Ийгиликтүү аймак” Долбоору - Жумушчу комиссия - Айыл өкмөт аппараты - Жеке-ишкер | 2019-ж | - Жеке ишкер - Айыл өкмөт - Жумушчу комиссия
| |||||||||
1.2 | СЭС тарабынан берилүүчү документтерди алуу | СЭСтин талаптарына ылайык уруксат кагаздары | - USAID дин “Ийгиликтүү аймак” Долбоору - Жумушчу комиссия - Айыл өкмөт аппараты - Жеке-ишкер
| 2019-ж | - Жеке ишкер - Айыл өкмөт - Жумушчу комиссия
| |||||||||
1.3 | Өрт коопсуздук кызматынын талабына ылайык документтерди даярдоо | Өрт коопсуздук кызматынын талабына ылайык документтер | - USAID дин “Ийгиликтүү аймак” Долбоору - Жумушчу комиссия - Айыл өкмөт аппараты - Жеке-ишкер
| 2019-ж | - Жеке ишкер - Айыл өкмөт - Жумушчу комиссия
| |||||||||
1.4 | Экотех инспекциянын талабына ылайык документтерди даярдоо | Документтер даярдарды | - USAID дин “Ийгиликтүү аймак” Долбоору - Жумушчу комиссия - Айыл өкмөт аппараты - Жеке-ишкер
| 2019-ж | - Жеке ишкер - Айыл өкмөт - Жумушчу комиссия | |||||||||
№2 тапшырма: Эмерек, жабдыктар менен камсыз кылуу | Күтүлгөн жыйынтык (индикатор): - Эмерек жана жабдыктар менен камсыз кылынды | |||||||||||||
2.1 | Эмеректерди сатып алуу | Эмеректер менен камсыздалды | -Жеке ишкер | 2019-ж | - Жеке ишкер - Айыл өкмөт - Жумушчу комиссия | |||||||||
2.2 | Керектүү жабдыктарды сатып алуу | Керектүү жабдыктар менен камсыздалды | -Жеке ишкер | 2019-ж | - Жеке ишкер - Айыл өкмөт - Жумушчу комиссия | |||||||||
№3 тапшырма: Кызмат көрсөтүүнүн баасын эсептөө | Күтүлгөн жыйынтык (индикатор): - Кызмат көрсөтүүнүн баасы эсептелди | |||||||||||||
3.1 | Кызмат көрсөтүүгө кеткен чыгымдарды эсептеп чыгуу | Кызмат көрсөтүүгө кетүүчү чыгымдар эсептелип чыкты | - Жеке ишкер - Айыл өкмөт
| 2019-ж | - Жеке ишкер - Айыл өкмөт - Жумушчу комиссия | |||||||||
№4 тапшырма: Ата-энелер менен кызмат көрсөтүүнүн баасын макулдашуу | Күтүлгөн жыйынтык (индикатор): - Кызмат көрсөтүүнүн баасы (тарифи) жергиликтүү жамаат менен макулдашылды; - Кызмат көрсөтүүнү каржылоо булактары аныкталды | |||||||||||||
4.1 | Ата-энелер менен кызмат көрсөтүүнүн баасын макулдашуу | Жыйындын протоколу | - Жеке ишкер - Айыл өкмөт
| 2019-ж | - Жеке ишкер - Айыл өкмөт - Жумушчу комиссия | |||||||||
№5 тапшырма: Бала-бакчага мектепке чейинки курактагы балдарды кабыл алуу | Күтүлгөн жыйынтык (индикатор): - Бала-бакчага 80 бала кабыл алынды | |||||||||||||
5.1 | Бала-бакчага кабыл алууну жарыялоо | Айыл ичинде жарнамалар илинди, көчө-көчөлөрдө жыйындар өткөзүлдү | -Жеке ишкер -Айыл өкмөтү -АК депутаттары -Аялдар кенеши | 2019-ж | - Жеке ишкер - Айыл өкмөт - Жумушчу комиссия | |||||||||
5.2 | Балдарды кабыл алуу жана ата-энелер менен келишим түзүү | Балдар кабыл алынды Ата-энелер менен келишим түзүлдү | -Жеке ишкер | 2019-ж | - Жеке ишкер - Айыл өкмөт - Жумушчу комиссия | |||||||||
№6 тапшырма: Кызмат көрсөтүүнүн сапатына коомдук мониторинг жүргүзүү | Күтүлгөн жыйынтык (индикатор): - Кызмат көрсөтүүнүн сапатына туруктуу мониторинг жана баалоо жүргүзүлөт | |||||||||||||
6.1. | Биргелешкен мониторинг жана баалоо (БМжБТ) боюнча окуутууларды өткөрүү | - Катышуучулардын тизмеси; - Таркатма материалдар. | - Жергиликтүү кеңеш; - Жумушчу комиссия - Айыл өкмөт аппараты; - USAID дин “Ийгиликтүү аймак” Долбоору. | Май, 2018-жыл | - Жергиликтүү кеңештин төрагасы; - Жумушчу комиссиянын төрагасы; - Айыл өкмөт башчысы; - USAID дин “Ийгиликтүү аймак” Долбоорунун. консультанттары жана жергиликтүү адистер | |||||||||
| Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу (БМжБТ) тууралуу Жобону иштеп чыгуу жана бекитүү | - БМжБТ нын Жобосу жөнүндө Жергиликтүү кеңештин чечими | - Жумушчу комиссия; - Жергиликтүү кеңеш; - Айыл өкмөт аппараты; - USAID дин “Ийгиликтүү аймак” Долбоору. | Апрель, 2018-жыл | - Айылдык кеңештин төрагасы; - Жумушчу комиссиянын төрагасы; - Айыл өкмөт башчысы; | |||||||||
6.2. | Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобун (БМжБТ) түзүү | - БМжБТ түзүү жөнүндө айыл өкмөт башчысынын буйругу | - Жумушчу комиссия; - Айыл өкмөт аппараты; - USAID дин “Ийгиликтүү аймак” Долбоору | Май, 2018-жыл | - Айыл өкмөт башчысы;
| |||||||||
6.3. | Кызмат көрсөтүүнүн сапатына мониторинг жана баалоо жүргүзүү | - Мониторингдин жыйынтыктары боюнча БМжБТ актысы - БМжБТ отчету | - БМжБТ | 2019-жыл | - Мониторинг жана баалоо тобунун төрагасы. | |||||||||
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин
2018-ж. «18»апрелиндеги №2
токтому менен бекитилди
КТК жыйноо жана чогултуу боюнча кызмат көрсөтүүнүн баасын эсептөө тартиби жөнүндө Жобо
Т = Н + Р + С, мында:
Т – КТК чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүгө тариф
Н – кызмат көрсөтүүнүн өздүк наркы
Р – рентабелдүүлүк деңгээли боюнча кошумча нарк
С – салыктар
1-таблица. КТК жыйноо жана чыгаруу боюнча жумуштардын өздүк наркы.
№ | Чыгымдардын курамы |
1 | Чийки зат жана материалдар (Чийки заттын наркы) |
2 | Айдоочулардын жана жүк ташуучу өндүрүштүк персоналынын социалдык камсыздандырууга чегерүүлөрүн кошкондо эмгек акы фонду (ЭАФ) (ЭАФнын наркы) |
3 | Атайын автомобилдер үчүн отунга кеткен чыгымдар (Отундун наркы); |
4 | Майлоочу жана башка эксплуатациялык материалдарга кеткен чыгымдар (Майлоочу м. наркы); |
5 | Атайын транспорттун ремонтуна жана техникалык тейлөөсүнө кеткен чыгымдар (РТТ наркы); |
6 | Амортизациялык чегерүүлөр (А.наркы); |
7 | Административдик чыгашалар (Адм. наркы); |
8 | Жалпы чарбалык чыгашалар (ЖЧ. наркы). |
- кызмат көрсөтүүнүн бул түрү боюнча аныкталган технологиялык процесс боюнча чыгашалардын нормалары – эгерде нормативдер болбосо, анда чыгашалар хронометраждык изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча бекитилет[1].
ЭАФ наркы = ∑ (ЭА наркы.р.i*N*n*) СоцК, мында:
ЭАФ наркы – айдоочулар жана жүк ташуучулар өндүрүштүк персоналынын ЭАФ
ЭА наркы.р.i – негизги өндүрүштө i-кесиби боюнча иштеген жумушчулардын эмгек акысы;
N – i-кесиби боюнча иштегендердин саны;
n – отчеттук мезгилде айлардын саны;
СоцК – социалдык камсыздандыруу коэффициенти, ал төмөнкү формула боюнча эсептелинет:
СоцК = 1+ С/100, мында
С – социалдык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдар менен белгиленген социалдык камсыздандырууга чегерүүлөрдүн %.
ОтундунН = ОтундунЧ*ОтундунБ, мында:
ОтундунЧ – отундун чыгымы, литр менен;
ОтундунБ – отундун бир литринин баасы, сом/л.
Отундун чыгашасы КТК чыгаруу боюнча жумушка кеткен отундун чыгашасынын жана кошумча акыны эсепке алуу менен отундун кошумча чыгашасынын суммасы катары аныкталат:
ОтунЧ = Чкм + КошумчаЧ, мында:
Чкм – КТК чыгаруу боюнча жумуштарга кеткен отундун чыгашасы (л) атайын автомобилдер үчүн отундун чыгашасынын бекитилген жеке нормаларынын негизинде аныкталат. Ал эми алар болбогон учурда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2015-жылдын 30-декабрындагы №366 “Автомобиль транспортунда отунду жана майлоочу майларды чыгымдоонун линиялык ченемдерин колдонуу боюнча эрежелер жана аларды эсептөө методикасы” Буйругунун негизинде аныкталат.
Чкм= Hкм х Lжалпы/100, мында:
Hкм – атайын машинанын 100 км жүрүүгө кеткен отундун чыгаша нормасы, ал автомобилдин техникалык маалыматтары боюнча аныкталат,
Lжалпы – отчеттук мезгил үчүн атайын машинанын жалпы жүрүү узундугу, км менен;
100 – Нкм отун чыгашасынын нормасы эсептелинген аралык.
КошумчаЧ – кошумча акыны эсепке алуу менен отундун кошумча чыгашасы (л), төмөнкү формула боюнча эсептелинет:
КошумчаЧ = ∑ (Чкм* 0,01 х Di), мында:
Di – кошумча акы же Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2015-жылдын 30-декабрындагы №366 “Автомобиль транспортунда отунду жана майлоочу майларды чыгымдоонун линиялык ченемдерин колдонуу боюнча эрежелер жана аларды эсептөө методикасы” Буйругунун негизинде аныкталган нормага азайышы (%).
Майлоочу материалдарга чыгымдар төмөнкү формула боюнча аныкталат:
МайлоочуБ = (ОтунЧ * МайлоочуН * ӨткөрмөК) * МайлоочуМатБ, мында:
ОтунЧ – кошумча акыны эсепке алганда негизги отундун чыгашасы, литр менен;
МайлоочуН – майлоочу материалдардын чыгашасынын нормасы, кг/л, л/л;
ӨткөрмөК – көлөмдүк көрсөткүчтөрдү салмактык көрсөткүчкө өткөрмө коэффициенти, зарыл болгондо колдонулат;
МайлоочуМатБ – майлоочу материалдардын көлөмүнүн (салмагынын) бирдигинин чекене баасы, сом/кг, сом/л.
РТТн = ЭАФн+Тн+Мн, мында:
ЭАФн – ремонт жасаган жумушчулардын эмгек акы фонду, сом менен (ушул бөлүмдүн 2-пунктунда көрсөтүлгөндөй аныкталат);
Тн – атайын транспорт үчүн тетиктерге кеткен чыгымдар, сом менен;
Мн – материалдарга кеткен чыгымдар, сом менен.
Тн жана Мн атайын транспорттун жүрүүгө кеткен 1000 километрине техникалык тейлөөнүн жана ремонттун бардык түрлөрү боюнча жумуштардын бардык түрлөрүн жүзөгө ашыруу үчүн тетиктер жана материалдар боюнча чыгымдардын колдонуудагы нормативдери боюнча аныкталат:
Тбаасы = (Тн / 1000) * Lжалпы, мында:
Lжалпы – отчеттук мезгилде атайын автомобилдердин жүрүүсүнүн жалпы узундугу, км менен;
Тн – атайын автомобилдин 1000 километрге жүрүүсүнө кошумча тетиктер боюнча чыгымдардын нормативи, сом/1000 км, техникалык паспортко ылайык, автомобилге мезгилдүү техникалык текшерүү жүргүзүү боюнча талаптардын негизинде аныкталат. Кошумча тетиктерге жана материалдарга чыгашаларды уюмдун жетекчиси же уюмдаштыруучу белгилеген белгилүү мезгил үчүн иш жүзүндөгү чыгымдар боюнча орточо маалыматтардын негизинде аныктоого уруксат берилет.
1000 – жүрүү аралыгы, ал үчүн Тн нормативи аныкталган.
Ушундай эле жол менен МайлоочуМатБ эсептелинет.
Наi = (Саi / Бсi)*100%, мында
Hoi - i объектиси боюнча чегерүүлөрдүн нормасы, %, ал мүлк ээси аныктаган пайдалуу колдонуу мөөнөтүнө жараша кабыл алынат.
Саi – жылына i объектисинин амортизациясынын суммасы (сом менен)
Бсi - i объектисинин баланстык наркы (сом менен)
i объектисинин жылдык амортизация суммасы (%) төмөнкү формула боюнча эсептелинет:
Саi = С об. / Sп.д., мында
С об – сатып алынган объекттин (мүлктүн) баасы (сом менен)
Sп.д. – амортизациянын пайдалуу мөөнөтү, аны мүлктүн колдонуучусу же ээси белгилейт (жылдар менен)
Кызмат көрсөтүүнүн өздүк наркына аны өндүрүү үчүн колдонулган бардык амортизацияланган объекттердин (мүлктүн) суммасы кошулат:
Са= СУММА (Бci х Hoi), мында:
Са – продукциянын (кызмат көрсөтүүнүн) өздүк наркына кошуу үчүн амортизациянын суммасы
Бci - i объекттин баланстык баасы (сом менен);
Hoi – амортизациянын нормасы, ал төмөнкү формула боюнча эсептелинет:
Нoi = (Cai /Соб)*100
Азайган калдык усулун колдонуу менен, ишкана амортизацияны чегерүүнү жүргүзөт.
a) Социалдык камсыздандырууга чегерүүлөр менен, башкаруучулук жана жалпы чарбалык персоналга кирген кызматкерлердин эмгек акысын төлөө.
Мамлекеттик бюджеттен каржыланган, башкаруучулук функцияларды аткарган ишканалардын жетекчилеринин жана кызматкерлеринин эмгек акысы уюмдаштыруучу тарабынан аныкталат жана Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 163-беренеси менен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 26-июлундагы №407 “Мамлекеттик бюджеттен каржылануучу уюмдарда ишкана жетекчисине, анын орун басарларына жана башкы бухгалтерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” Жобо менен жөнгө салынат.
b) Башкаруучу функцияларды аткарган жана мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланган ишкананын жетекчисинин жана кызматкерлеринин иш сапарына кеткен чыгашалар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы №471 “Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө” токтомунун негизинде аныкталат.
c) Почта, телефон жана байланыштын башка чыгашалары жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр жеткирүүчү уюмдар менен түзүлгөн келишимдердин негизинде аныкталат.
d) Административдик кеңсени күтүү боюнча чыгашалар: кеңсе, идиш жуучу каражаттар, техникалык коопсуздук каражаттары жана башка ушул өңдүү чыгашалар өткөн мезгилдеги иш жүзүндөгү керектөөлөргө же иш жүзүндөгү чыгашаларга жараша аныкталат.
e) Кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо үчүн акы. Каржылоо ишкананын өзүнүн кадрларын даярдоо планынын негизинде аныкталат.
Чсс=АдмЧ/С*100, мында
Чсс – чыгымдардын салыштырма салмагы, % менен,
АдмЧ – административдик чыгашалар боюнча чыгымдар, сом менен,
С – ишкананын (кызмат көрсөтүүнүн) бардык чыгымдарынын суммасы.
- көмөкчү жумуштар үчүн материалдар жана чийки зат,
- негизги өндүрүштүн ишин камсыздаган персоналды күтүү,
- кызмат көрсөтүүнү жеткирүүчүлөр менен түзүлгөн келишимдердин негизинде эсептелинген коммуналдык чыгашалар.
Р = V – Соб, мында
Р – пландалган пайда
V – кызмат көрсөтүүдөн ишкананын пландалган жылдык түшкөн кирешеси, сом менен
Соб – ишкананын кызмат көрсөтүүнү өңдүрүүгө кеткен чыгымдары.
№1 тиркеме
Өндүрүлгөн жумуштарга/кызмат көрсөтүүлөргө хронометраждык байкоо жүргүзүү тартиби
Хронометраж – бул жумуштарды/кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүүнүн технологиялык картасында көрсөтүлгөн айрым операцияларды аткарууга кеткен убакыт, чийки зат, материал чыгымдарын изилдөө усулу.
Хронометражды ЖӨБдүн аткаруучу органынын башчысы же анын ыйгарым укуктуу адамынын буйругунун негизинде түзүлгөн комиссия жүргүзөт.
Жумуштардын толук циклин аныктоо үчүн өлчөөлөр этап-этабы менен жүргүзүлөт, мында тараза, секунда эсептегич, сантиметр лентасы, рулетка ж.б. өңдүү тийиштүү аспаптар колдонулат.
Хронометраж конкреттүү объект боюнча жумуштарды/кызмат көрсөтүүлөрдү өңдүрүүнүн технологиялык карталарында белгиленген тартип боюнча жүзөгө ашырылат.
Эмгекке кеткен чыгымдардын хронометражы ар бир операция боюнча өзүнчө жүргүзүлөт. Катталган убакыт операциялар боюнча кошулуп, эмгекке кеткен чыгымдардын таблицасында көрсөтүлөт жана төмөнкү формула боюнча аныкталат:
Тч = tmin/60min, мында:
Тч – операцияны аткарууга кеткен убакыт, саат менен;
tmin – операцияны аткарууга кеткен убакыт, минута менен;
60min – бир саатка барабар минутадагы убакыт, минута менен.
Хронометраж процессинде белгиленген убакыт нормативдүү болуп эсептелинет жана технологиялык процесс өзгөргөн учурда гана өзгөрүшү мүмкүн. Эгерде технологиялык процесске эмгекке кеткен чыгымдын көлөмүн азайткан инновациялар киргизилсе, анда эмгекке кеткен чыгымдын жаңы нормативин белгилөө менен кошумча хронометраж жүргүзүлөт.
Эмгекке кеткен чыгымдар боюнча белгиленген нормативдердин негизинде эмгек акы боюнча жумуштардын пландуу баасы төмөнкү формула боюнча аныкталат:
Б= Тч х СТС х Жс, мында:
Б – жумуштардын баасы,
Тч – операцияны аткарууга кеткен убакыт (норматив), саат менен;
СТС – жумушчунун саатына тариф ставкасы;
Жс – жумушчулардын саны.
Чийки заттын жана материалдардын чыгашалары боюнча нормативдер болбогон учурда хронометраждын негизинде нормативдерди белгилөө сунушталат. Материалдык чыгымдар төмөнкү формула боюнча эсептелинет:
Мсумма=Мсаны х Мб, мында:
Мсумма – материалдык чыгымдардын суммасы, сом менен;
Мсаны – колдонулган материалдардын саны, Мб – материалдын базар баасы