Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-апрели № 3
“Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Жандама айылынын Сурпа- Таш бөлүмүнө мрамор ташын кайра иштетүү цехин куруу үчүн жер аянтын ажыратууга макулдук берүү жөнүндөгү Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 16-декабрындагы №1 токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө”
"Алдаяр-Уголь Лимитед” жоопкерчилиги чектелген коомуна мрамор ташын кайра иштетүү цехин куруу үчүн Жаны-Ноокат айылдык аймагынын Сурпа-Таш бөлүмүндөгү №866, №872 контурларда жайгашкан айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун эсебиндеги 4.0 га жер аянтын "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан “Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 16-декабрында №1 токтому кабыл алынган. Бирок, Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн бизге 2018-жылдын 16- апрелиндеги жазган катына ылайык Кыргыз Республикасынын өнөр- жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин 2018-жылдын 1-январындагы №02-6\385 сандуу катында Жандама айылынын Сурпа-Таш бөлүмүндөгү 4.0 га жердин аянтынын чектери геологиялык чалгындоо иштерин жүргузүү үчүн "УРИМ” жоопкерчилиги чектелген коомунун лицензиялык аянтынын ичине киргендиги тууралуу маалымат көрсөтүлгөн. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 4,0 га жер аянтын 3,5 га жер аянтына өзгөртүп берүү жөнүндөгү кайрылуусун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн №169 токтому менен бекитилген "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүңдө убактылуу "Жобого" жана Жер кодексинин 13-беренесине ылайык Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезексиз сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Алдаяр-Уголь Лимитед" жоопкерчилиги чектелген коомунун мрамор ташын кайра иштетүү цехин куруу үчүн Жаңы-Ноокат айылдык аймагынын Жандама айылынын Сурпа-Таш бөлүмүнөн №866, №872 контурларда жайгашкан айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун эсебиндеги 3,50 га жер аянтын "Айыл- чарба багытындагы жерлер" категориясынан “Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдо көрсөтүлгөн 3,50 га жер аянтын "Айыл -чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Айыл- чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп иш алып баруу жагы Жаны-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Ушул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А Имамов |