Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 2-июну № 2
«ТАБАРАК» кайрымдуулук фондунун Кыргызстандагы ѳкγлчγлγгγнγн жетекчиси Турсумаматова Майрам Эргашовнага Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтγнγн «Ардактуу атуулу» деген наам ыйгаруу жѳнγндѳ»
«ТАБАРАК» кайрымдуулук фондунун Кыргызыстандагы ѳкγлчγлγгγ тарабынан айыл аймагынын Кγнгѳй бѳлγмγндѳ 2,5 млн сомдук мечит курулушу жана башталгыч мектеп курулушу аткарылды. Айыл аймагынын Токой бѳлумγндѳ мечит жана γч бѳлмѳдѳн турган 2,5 млн сомдук аялдар γчγн окуу корпусу курулду,Шакар-Кыштак бѳлγмγндѳ таза суу тγтγгγн куруу иштери γчγн 800 мин сом жардам кѳрсѳтγγнγ пландаштырган.
Мындан ары ушул сыяктуу социалдык имараттарды куруп берγγ боюнча иштерди пландаштырылган «ТАБАРАК» кайрымдуулук фондунун Кыргызстандагы ѳкγлчγлγгγнγн жеткчиси Турсумаматова Майрам Эргашовна бул иштердин башында тургандыгын карап чыгып Турсумаматова Майрам Эргашовнага Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтγнγн “Ардактуу Атуулу” деген наам ыйгарууну талкуулап Кыргыз Республикасынын Жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу жана мамлекеттик администрациясы жѳнγндѳгγ мыйзамына таянып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектен тышкаркы сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 «ТАБАРАК» кайрымдуулук фондунун Кыргызстандагы ѳкγлчγлγгγнγн жеткчиси Турсумаматова Майрам Эргашовнага Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтγнγн «Ардактуу атуулу» деген наам ыйгарылсын.
2 Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Имамов |