Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 2-июну № 3
“Чили-Сай дарыясына кѳпγрѳѳ курулушу γчγн бѳлγнгѳн акча каражаттарын А.Каратаев атындагы кѳчѳѳгѳ таза суу тγтγгγн тартуу γчγн пайдаланууга уруксат берγγ тууралуу”
Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Дѳн-Кыштак айылынын Миң-Тамыр мааласынын тургундарынын 2018-жылдын 25-майиндагы № 1 жалпы чогулушунун протоколун карап чыгып, Чили-Сай дарыясына кѳпγрѳѳ курулушу γчγн жергиликтγγ бюджеттен бѳлγнгѳн 100000 сом акча каражатын Миң-Тамыр мааласындагы А.КАратаев атындагы кѳчѳѳгѳ таза суу тγтγгγн тартуу γчγн пайдаланууга уруксат берγγ туралуу суранышты карап чыгып аталган аймакта жашаган тургундарга таза суу жеткирип берγγнγ камсыз кылуу максатында Кыргыз Респуликасынын жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу жана жергиликтγγ мамлекеттик администрациясы жѳнγндѳгγ мыйзамына негиз Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектен тышкаркы сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Дѳн-Кыштак айылынын Миң-Тамыр мааласынын тургундарынын 2018-жылдын 26- июунундагы № 1 “Чили-Сай” дарыясына кѳпγрѳѳ курулушу γчγн бѳлγнгѳн 100000 сом акча каражаттарын А.Каратаев атындагы кѳчѳгѳ таза суу тγтγгγн тартуу γчγн пайдаланууга макулдук берилсин.
2 Жергиликтγγ бюджеттен Чили-Сай дарыясына кѳпγрѳѳ курулушу γчγн бѳлγнгѳн акча каражаттарын А.Каратаев атындагы кѳѳчѳгѳ таза суу тγтγгγн тартуу γчγн бѳлγнгѳн 100000 сом акчаны 2018-жылдын экинчи жарым жылдыгында жергиликтγγ бюджетке кошумча булактардан тγшγγчγ акча каражаттарынын эсебинен толтурулушу Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтγнѳ тапшырылсын.
3 Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Имамов |