Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 2-июну № 5
“М.Эргашов атындагы орто мектебинин 1-4-класс окуучуларын тамактанусу γчγн ашкана имаратына “МЕРСИКО” фондуна эмеректер сатып алууга пайдаланууга макулдук берγγ жѳнγндѳ”
Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтγндѳгγ М.Эргашов атындагы орто мектебинин 1-4- класс окуучуларын тамактанусу γчγн ашкана имаратына “МЕРСИКО” фондунан эмеректер алуу γчγн даярдалган бизнес долбоордо кѳрсѳтγлгѳн 238000 сомдук ѳздγк салым акчаларын ѳз убагында ѳткѳрγп берγγнγ тездештирγγ максатында “Сахаба” эс алуу багындагы ажаткананын ремонту γчγн жергиликтγγ бюджеттен ажыратылган 100 000 сом акчанын, Навроз мааласынын таза суу тγтγгγн ремонту γчγн ажыратылган акчанын эсебинен 45000 сом акчаны, ашкана имараты γчγн ажыратылган 70000 сом акча бардыгы болуп 215000 сом акчаны М Эргашов атындагы орто метебинин ашканасы γчγн эмеректер алуу иштерине сарпталышы боюнча маселени карап чыгып жана талкуулап Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектен тышкаркы сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 М.Эргашов атындагы орто мектебинин 1-4- класс окуучуларын тамактанусу γчγн ашкана имаратына “МЕРСИКО” фондунан эмеректер алуу γчγн даярдалган бизнес долбоордо кѳрсѳтγлгѳн 238000 сомдук ѳздγк салым акчаларын ѳз убагында ѳткѳрγп берγγнγ тездештирγγ максатында жергиликтγγ бюджеттен “Сахаба” эс алуу багындагы ажаткананы ремонту γчγн ажыратылган 100 000 сом акчанын, Навроз мааласынын таза суу тγтγгγн ремонту γчγн ажыратылган акчанын эсебинен 45000 сом акчаны, ашкана имаратыын ремонту γчγн ажыратылган 70000 сом акчаны бардыгы болуп 215000 сом акчаны М. Эргашов атындагы орто метебинин ашканасы γчγн эмеректер алуу γчγн ѳздγк салым катарында сарпталышына макулдук берилсин.
2 Жергиликтγγ бюджеттен “Сахаба” эс алуу багындагы ажаткананын ремонту γчγн ажыратылган 100 000 сом акчаны, Навроз мааласынын таза суу тγтγгγн ремонту γчγн ажыратылган акчанын эсебинен 45000 сом акчаны 2018-жылдын экинчи жарым жылдыгында жергиликтγγ бюджетке кошумча булактардан тγшγγчγ акча каражаттары эсебинен толтурулушу Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтγнѳ тапшырылсын.
3 Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Имамов |