Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 12-июлу № 1
“Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Жандама айылында жайгашкан Чили-Сай дарыясынан агып келген таш-шагал топтолуучу кѳл жерди «Алтын-Бешик-плюс» жоопкерчилиги чектелген коом тарабынан ээлеп алынгандыгы жѳнγндѳгγ Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтγнγн билдирүүсү жѳнγндѳ”
Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Жандама айылында жайгашкан Чили-Сай дарысынан агып келген таш-шагал топтолуучу кѳл жерди Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтγнγн жер картасынында турат. Бул жер айыл ѳкмѳтγнѳ караштуу Ош областтык жерге жайгаштыруу башкармалыгы тарабынан Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтγнѳ карашту экендигин тастыктоо мγмкγн.
1961 жылда Найман каналы курулуп,каналдын башталышына шагал-таш топтолуучу жол курулган. 1961-жылдан бери бул шагал таш топтоолуучу кѳл жерди тазалоо иштери Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы мурдагы Маданият колхозу тарабынан,1996-жылдан баштап Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтγ тарабынан жγргγзγлγп келинген. Чили-Сай дарыясынан агып келген шагал -таш ѳз убагында тазаланылбаса, айыл аймагындагы сугат айдоо жерлерди кум-шагал басып,жердин кыртышы бузулат. Ошондуктан кѳлдγ тазалоо иштери жергиликтγγ бийлик тарбынан аткарылган.
Кыргыз Республикасынын ѳнѳр-жай энергетик жана жер казнасынан пайдалануу мамлекеттик агентиги тарабынан «Алтын-Бешик-плюс» жоопкерчилиги чектелген коомуна берилген лицензия боюнча маселени карап чыгып жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу жана жергиликтγγ мамлекеттик администрациясы жѳнγндѳгγ мыйзамына негиз Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектен тышкаркы сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Жандама айылында жайгашкан Чили-Сай дарысынан агып келген таш-шагал топтолуучу кѳл жерде геологиялык изилдѳѳ иштерин жγргγзγγ максатында лицензия алып, алынган лицензиянын багыты боюнча иш жγргγзбѳй карьер багытында пайдаланып шагал-ташты сатуу иштерин жγргγзγп, шагал таштын баасын жогорулатып, эл арасында нааразычылыктарды келтирип чыгарган «Алтын-Бешик-плюс» жоопкерчилиги коомунун ишмердγγлγгγн токтоту боюнча жогору турган укук коргоо органдарына кайрылышсын.
2 Ушул токтомду аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтγнѳ тапшырылсын.
3 Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Имамов |