Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 8-августу № 1
“Дѳн-Кыштак айылында селдин кесепетинен зыян тарткан айыл чарба жерлери боюнча тγзγлгѳн актынын негизинде жер салыгынан бошотуу тууралуу”
2018-жылдын 10- июнунда болгон табыйгый кырсыктын натыйжасында Жаңы-Ноокат айыл аймагынын айылдарында сел чыгып γйлѳрдγ,эгин эгилγγчγ жерлерди жууп кеткен. Натыйжада 60.37 га жер жараксыз абалга келген, анын ичинен КБФ жерлери 1.61 га, γлγш жерлер 56.05 га, тамарка жерлер 2.34га . Анын ичинен 100% зыян тартканы КБФ жери 1.61 га, γлγш жер 34.42 га, тамарка жер 3.34 га.
Табигый кырсык селдин натыйжасында зыян тартылган жерлерди жер салыгынан бошотуу маселеси каралып жана талкууланып Кыргыз Республикасынын Жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу жана жергиликтγγ мамлекеттик администрациясы жѳнγндѳгγ мыйзамынын негизинде Жаңы-Ноокат айылдык кенешинин кезектен тышкаркы сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 2018-жылдын 10- июнунда болгон табигый кырсыктын натыйжасында 100% зыян тарткан 1.61 га кайра бѳлγштγрγγ фонд жери 14490 сомдук, 34.42 га γлγш жери 17059 сомдук, 3.34 га тамарка жери 2340 сомдук бардыгы 33889 сомдук жер салыгынан жана ижара акысынан бошотулсун.
2 Табыгый кырсыктан 100% зыян тарткан жерлерди жер салыгынан бошотуу жагы Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтγнѳ тапшырылсын.
3 Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кеңештин бюджет маселери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Имамов |