Редакцияот 08.08.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

(алтынчы чакырылышы)18- кезектен тышкаркы сессиясы

2018-жылдын 8-августу № 2

“Жаңы-Ноокат айыл аймагынын «Сахаба» эс алуу багындагы жерлерди пайдалануу γчγн ижарага берγγ жѳнγндѳ”

 Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтγнγн Жандама айылындагы «Сахаба» эс алуу багындагы жер аянты айыл ѳкмѳтγнγн кайра бѳлγштγрγγ фонд жерлери эсебинде тургандыгына байланыштуу аталган жер аянтын Кыргыз Респупликасынын мыйзамдарынын негизинде 5 жылдык мѳѳнѳткѳ ижарага берγγ боюнча Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтγнγн “Сахаба” эс алуу багындагы пайдаланылып жаткан 14.08 га жер аянтындагы мурдагы союз мезгилинде курулган имараттар,эс алуучу жайлар,ири жана майда дγкѳндѳр, дааратканалар жана башка ишкерлерге келишим тγзγγ боюнча комиссиясынын 2018-жылдын 16- июнундагы жалпы чогулушунун №1 протоколунун негизинде , айыл ѳкмѳтγнγн жергиликтγγ бюджетине кѳптѳгѳн кирешелер тγшѳѳрγн эсепке алып Кыргыз Республикасынын Жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу жана мамлекеттик администрациясы жѳнγндѳгγ мыйзамына жана Кыргыз-Республикасынын “Жер кодекси” мыйзамына таянып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектен тышкаркы сессиясынын отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1 Жаңы-Ноокат айыл аймагынын «Сахаба» эс алуу багындагы жерлерди конкурс аукцион жол менен 5 жылдык мѳѳнѳт менен пайдалануу γчγн ижарага берγγгѳ макулдук берилсин.

2 “Сахаба” эс алуу багындагы жерлерди ижара акысы айылдык кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын мγчѳлѳрγ жана Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтγнγн кызматкерлеринен турган убактылуу тγзγлгѳн комиссиясы тарабынан ижарага берилγγчγ жерден пайдаланууда ижарачылардын ишмердγγлγгγнѳ карап Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде чечилсин.

3 Жаңы-Ноокат айыл аймагынын «Сахаба» эс алуу багындагы жерлерди 5 жылдык мѳѳнѳт менен пайдалануу γчγн конкурс-аукцион жолу менен ижарага берγγ иштери Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтγнѳ тапшырылсын.

4 Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

А.Имамов