Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 8-августу № 3
“Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтунγн Жандама айылынын Сурпа-Таш бѳлγмγнѳн “ИнтергельПО” жоопкерчилиги чектелген коомуна 1.90 жер аянтын ижарага берγγ жана ижара суммасын бекитγγ жѳнγндѳ”
Ноокат райондук прократурасынын 2018-жылдын 18- майындагы № 1\436-18 Мыйзам бузуучулукту четтетγγ жана мындан ары болтурбоо боюнча чараларды кѳрγγ жѳнγндѳ ТАЛАПын негизинде айыл аймагынын Жандама айылынын Сурпа-Таш бѳлγмγндѳгγ 3.60 га жер аянты “ИнтергельПО” жоопкерчилиги чектелген коомунан кайтарып, айыл ѳкмѳтγнγн балансасына алуу боюнча Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтунγн 2018-жылдын 25- майындагы № 54 токтому кабыл алынган.
Айыл ѳкмѳтγнγн балансасына кайтарып алынган 3.60 га жер аянтын 1.90 га бѳлугγн “ИнтергельПо” жоопкерчилиги чектелген коомуна ижарага берγγ жана ижара суммасынын тараптардын макулдугу менен ижара суммаларын бекитип берγγ тууралуу Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтγнγн 2018-жылдын 7- августундагы № 285 сураныч катын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу жана жергиликтγγ мамлекеттик администрациясы жѳнγндѳгγ мыйзамына таянып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектен тышкаркы сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтунγн Жандама айылынын Сурпа-Таш бѳлγмγнѳн “ИнтергельПО” жоопкерчилиги чектелген коомуна 1.90 жер аянты 5 (беш) жылдык мѳѳнѳт менен ижарага берγγгѳ макулдук берилсин.
2 Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтүнγн Жандама айылынын Сурпа-Таш бѳлγмγнѳн “ИнтергельПО” жоопкерчилиги чектелген коомуна ижарага берилген 1.90 жер аянтын ижарага суммасы тараптардын макулдугу менен жылына 120000 (бир жγз жыйырма миң) сом кылып белгиленсин.
3 Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтγнѳ тапшырылсын.
4 Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А Имамов |