Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-августу № 1
“Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Жандама айылындагы Н.Найманбаев атындагы толук эмес орто мектебине спорт аянтчасы жана био участок куруу γчγн жер участок бөлүп берγγ жѳнγндѳ”
Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Жандама айылындагы Н.Найманбаев атындагы толук эмес орто мектебинин педагогикалык кеңешмесинин жана ата -энелер комитетинин 2018-жылдын 16-августундагы №1 протоколун жана мектептин дирекциясынын 2018-жылдын 16- августундагы № 15 сандуу мектепке спорт зал куруу жана био участок тγзγγ γчγн 20 сотик жер аянтын ажыратып берγγ жѳнγндѳгγ катын карап чыгып Кыргыз Республикасынын Жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу жана жергиликтγγ мамлекеттик администрациясы жѳнγндѳгγ мыйзамына негиз Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектен тышкаркы сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Жандама айылындагы Н.Найманбаев атындагы толук эмес орто мектебине спорт аянтчасы жана био участок куруу γчγн “Сахаба” эс алуу багынан 20 сотик жер аянтын ажыратып берγγ γчγн жерди трансформация кылып берγγ жагы Ноокат райондук мамлекеттик админстрациясынан суралсын.
2 Токтомду аткарылышын камсыз кылуу Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтγнѳ тапшырылсын.
3 Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комисиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Имамов |