Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 15-октябры № 4
«Жоопкерчилиги чектелген “Алдаяр Угол” коому тарабынан даярдалган социалдык пакетте 2018-жылда кѳрсѳтγлгѳн 480000 сом акчаны Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтγнγн бюджетинин эсебине алып, Жаны-Ноокат айыл ѳмѳтγнγн борборундагы кѳчѳлѳрдγ жарыктандыруу иштерине пайдаланууга уруксат берγγ жѳнγндѳ”
Жоопкерчилиги чектелген “Алдаяр Угол” коому тарабынан айыл аймагынын Жандама айылынын Сурпа-Таш бѳлγмγнѳ мармор ташты кайра иштетγγчγ цех курулушу боюнча даярдалган социалдык пакетте 2017-жылда кѳрсѳтγлгѳн 480000 сом акчаны Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтγнγн бюджетинин эсебине алып, айыл ѳкмѳтγнγн борборундагы кѳчѳлѳрдγ жарыктандыруу иштерине пайдаланууга уруксат берγγ маселесин карап чыгып жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу жана жергиликтγγ мамлекеттик администрациясы жѳнγндѳгγ мыйзамына негиз Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектен тышкаркы отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Жоопкерчилиги чектелген “Алдаяр Угол” коому тарабынан даярдалган социалдык пакетте 2018-жылда кѳрсѳтγлгѳн 480000 сом акчаны Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтγнγн бюджетинин эсебине алып, Жаңы-Ноокат айылынын борборундагы кѳчѳлѳрдγ жарыктандыруу иштерине пайдаланууга уруксат берилсин.
2 Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтγнѳ тапшырылсын.
3 Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кеңештин бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А Имамов |