Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 12- октябры № 112
“Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтγнγн Катта-Тал айылынын Кγнгѳй бѳлγмγнѳн мектеп,балдар бакчасы, ФАП,мечит жана башка социалдык объектилер куруу γчγн 1.50 га жер аянтын ажыратып берγγ жѳнγндѳ”
Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтγнγн Катта-Тал айылынын Кγнгѳй бѳлγмγндѳ жаңы калктуу конуш уюштурулуп азыркы мезгилде Кγнгѳй бѳлγмγндѳгγ жаңы калктуу конушта кожолуктардын саны 650,элдин саны 3510 кишиге жеткендиги бирок бул аймакта мектеп балдар бакчасы,ФАП,мечит жана башка социалдык объектилер жок экендигине байланыштуу айыл тургундарына социалдык шарт тγзγп берγγ максатында Ош облустук сотунун администрациялык жана экономыкалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2018-жылдын 21- сентябрындагы А 096-392\2018-А.Д Аныктамасынын негизинде,Кыргыз Республикасынын “Жер кодексинин” 13-32 жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу жана жергиликтγγ мамлекеттик администрациясы жѳнγндѳгγ” мыйзамынын 43-статясын жетекчиликке алып Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтγ.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтγнγн Катта-Тал айылынын Кγнгѳй бѳлγмγнѳн мектеп куруу γчγн 10850,0 чарчы метр, балдар бакчасы куруу γчγн 3150.0 чарчы метр, ФАП куруу γчγн 400.0 чарчы метр,мечит куруу γчγн 600.0 чарчы метр бардыгы болуп 1.50 га жер аянты ажыратылып берилсин.
2 Ноокат райондук жер кадастр жана кыймылсыз Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтγнγн Катта-Тал айылынын Кγнгѳй бѳлγмγнѳн мектеп,балдар бакчасы, ФАП,мечит жана башка социалдык объектилер куруу γчγн 1.50 га жер аянтын ажыратып берγγ жѳнγндѳγлккѳ укутарды каттоо башкармалыгынан ушул токтомдун негизинде керектелγγчγ жерге байланыштуу юридикалык иш кагаздарын даярдап берγγ жагы суралсын.
3 Ноокат райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан керектелγγчγ архитектуралык иш кагаздарын даярдап берγγ жагы суралсын.
4 Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтγнγн Катта-тал айылынын Кγнгѳй бѳлγмγнѳн мектеп,балдар бакчасы, ФАП,мечит жана башка социалдык объектилер куруу γчγн 1.50 га жер аянтын ажыратып берγγ жѳнγндѳгγ Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтγнγн 2018-жылдын 12-октябрындагы №112 токтомун бекитип берγγ жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинен суралсын.
5 Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтγнγн башчысынын орун басары М.Хайдаралиевге тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтγнγн башчысы | Н Юлчиев |