ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(алтынчы чакырылышы) 20- кезектен тышкаркы сессиясы
2018-жылдын 15-октябры № 9
“Сахаба” эс алуу багындагы ажаткана курулушу γчγн бѳлγнгѳн 150000 сом акчадан 50000 сомун “Жасмин” балдар бакчасынын ажатканасынын курулушу γчγн бѳлγп берγγ жѳнγндѳ”
Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтунγн жергиликтγγ бюджетинде “Сахаба” эс алуу багындагы ажаткана курулушу γчγн бѳлγнгѳн 150000 сом акчажан 50000 сомун “Жасмин” балдар бакчасынын курулушу γчγн бѳлγп берγγ маселесин карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жергилктγγ ѳз алдынча башкаруу жана жергиликтγγ мамлекеттик администрациясы жѳнγндѳгγ мыйзамына таянып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектен тышкаркы сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 “Сахаба” эс алуу багындагы ажаткана курулушу γчγн бѳлγнгѳн 150000 сом акчадан 50000 сомун “Жасмин” балдар бакчасынын ажатканасынын курулушу γчγн бѳлγп берилсин.
2 Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтγнѳ тапшырылсын.
3 Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кенештин бюджет маселелери боюнча туруктуу комисиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Имамов |