ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(алтынчы чакырылышы) 21- кезектен тышкаркы сессиясы
2018-жылдын 29-октябры № 2
“Жаңы-Ноокат айыл аймагынын тургундарына турак -жай куруу γчγн жер участогун ажыратып берγγгѳ макулдук берγγ жѳнγндѳ”
Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтγнγн 2018-жылдын 25- октябрындагы № 41 Жаңы-Ноокат айыл аймагынын тургундарына турак- жай куруу γчγн Катта Тал айылынан 40.0 гектар, Дѳң-Кыштак айылынан 20.0 гектар, Жандама айылынан 30.0 гектар,Кызыл-Тейит айылынан 5.0 гектар баардыгы болуп 95.0 гектар жер аянты ажыратып берγγ жѳнγндѳгγ билдирγγсγн карап чыгып, айыл аймагындагы турак-жай курууга муктаж γй- бγлѳѳлѳрдγн саны жыл сайын ѳсγп баражаткандыгы γчγн Кыргыз Республикасынын жергилктγγ ѳз алдынча башкаруу жана жергиликтγγ мамлекеттик администрациясы жѳнγндѳгγ мыйзамынына негиз Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектен тышкаркы сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтγнγн 2018-жылдын 25- октябрындагы № 41 Жаңы-Ноокат айыл аймагынын тургундарына турак- жай куруу γчγн Катта Тал айылынан 40.0 гектар, Дѳн-Кыштак айылынан 20.0 гектар, Жандама айылынан 30.0 гектар,Кызыл-Тейит айылынан 5.0 гектар бардыгы болуп 95.0 гектар жер ажыратып берγγгѳ макулдук берилсин.
2. Ушул токтомду бекитип, 95.0 гектер жерди пайдалануу багытын турак- жай багытына ѳзгѳртγп трансформация кылып берγγ γчγн керектелγγчγ иш кагаздарын даярдап берγγ жагы Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын суралсын.
3 Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Имамов |