Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-октябры № 3
“Жаңы-Ноокат айыл борборунан почта имаратын куруу γчγн 200 чарчы метр жер аянты ажыратууга макулдук берγγ жѳнγндѳ”
Жаңы-Ноокат айыл тургундарына почта кызматынын кѳрсѳтγγ деңгээлин жогорулатуу γчγн айылдык почта байланыш тγйγнγнѳ жер участок ажыратып берγγ тууралу айыл тургундарынын кайрылууларын канаттандыруу максатында айыл борборундагы Т.Эргашов атындагы кѳчѳѳнγн четиндеги Амир Темир атындагы орто мектебинин аймагынын бурчунан 200 чарчы метр жер участогун ажыратып берγγ маселесин карап чыгып жана талкуулап Кыргыз Республикасынын жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу жана жергиликтγγ мамлекеттик администрациясы жѳнγндѳгγ мыйзамына негизденип
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектен тышкаркы сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Жаңы-Ноокат айыл борборуна почта имаратын куруу γчγн 200 чарчы метр жер аянтын ажыратып берγγгѳ макулдук берилсин
2 Айылдык почта байланыш тγйγнγ курулушу γчγн керектелγγчγ архитектуралык иш кагаздарын даярдап берγγ жагы Ноокат райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан суралсын.
3 Айылдык почта байланыш тγйγнγ курулушу γчγн керектелγγчγ жерге байланышкан иш кагаздарын даярдап берγγ жагы Ноокат райондук кадастр жана кыймылсыз мγлккѳ укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
4 Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу, керектелγγчγ иш кагаздарын даярдоо жагы Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтγнѳ тапшырылсын.
5 Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Имамов |