Загрузка документа…
ЭМГЕКЧИЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 9-февралы № 2
“Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 337-беренесинин 6-пунктуна ылайык Эмгекчил айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн айыл чарба багытындагы жер салыгынын базалык ставкасын кѳтѳрүү жѳнундѳ”
Күн тартибиндеги маселе боюнча айылдык кенештин тѳрагасы И.Мукамбетов билдирүү жасап,финансы экономика бѳлүмүнун башчысынын милдетин аткаруучу,кирешелер боюнча адис Э.Касымалиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 337-беренесинин 6-пунктуна ылайык 01.01.2018-жылдан баштап айыл чарба багытындагы жерлердин жер салыгынын ставкасы 1,5 эсе кѳтѳрүлсүн.
2. Кз аймактык коэффиценти 1,0 эсебинде бекитилсин.
Ушул токтом айыл ѳкмѳтүнүн аппаратынан каттоодон ѳткѳрүлүп,emgеkchil.naryn-region.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик Укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жѳнѳтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Эмгекчил айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Айдарбек уулу Тилекке бекитилсин.
Төрага | И.Мукамбетов |