Загрузка документа…
ЭМГЕКЧИЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 9-февралы № 4
“Эмгекчил айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн жыл башына калган акча каражатынан которуп берүү жѳнүндѳ”
Күн тартибиндеги маселе боюнча айылдык кенештин тѳрагасы И.Мукамбетовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап сессия токтом кылат:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын райондук салык башкармалыгынын пайдасына Эмгекчил айыл ѳкмѳтүнѳн 2018-жылдын 25-январындагы №ЭД-175/17-МН иши боюнча мамлекеттик алым үчүн 9 817 сом бѳлүнүп берилсин.
2. Бул акча каражатын которуп берүү жагын финансы экономика бѳлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Э.Касымалиевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Айдарбек уулу Тилекке милдеттендирилсин.
Төрага | И.Мукамбетов |