Загрузка документа…
ЭМГЕКЧИЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 22- майы № 1
«Солтон-Сары жайлоосундагы «Бучук» участкасында алтын кенин иштетүү үчүн кайрадан Кыргыз-Кытай биргелешкен ЖЧК «Чжун Дьжи Майнин компани» компаниясы менен иш алып баруу жөнүндө”
Солтон-Сары жайлоосундагы «Бучук» участкасындагы кен байлыкты иштетүү үчүн кайрадан Кыргыз-Кытай биргелешкен ЖЧК «Чжун Дьжи Майнин компани» компаниясы менен иштешүүгө айыл аймагынын жалпы элдердин чогулушунун 15.05.2018-жылдагы № 5 жана жалпы Эмгекчил айылынын тургундарынан шайлаган комиссиянын, анын ичинде он бир айылдык Кеңешинин депутаттарынын 15.05.2018-жылдагы № 1 Протоколунун негизинде, уруксат берилгендигин белгилеп сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эмгекчил айыл аймагынын жалпы элдик чогулушунун 15.05.2018-жылдагы № 5 протоколу жана комиссиянын, анын ичинде он бир айылдык Кеңешинин депутаттарынын 15.05.2018-жылдагы № 1 протоколу бекитилсин.
2. Кыргыз-Кытай биргелешкен ЖЧК «Чжун Дьжи Майнин компани» компаниясына “Бучук” алтын кенин иштетүүгө жана инфраструктура обьектилерин курууга Эмгекчил айыл аймагына тиешелуу жеринен 391,2 га жер убактылуу пайдаланууга уруксат берилсин.
3. 04.02.2013-жылдагы № 3228 AE Лицензиясынын негизинде берилип жаткан 391,2 га жер Кыргыз-Кытай биргелешкен ЖЧК «Чжун Дьжи Майнин компани» компаниясына 04.02.2033-жылга чейин убактылуу пайдаланууга жана курулуш объектилерин курууга уруксат берилсин.
4. 09.02.2018 жылдагы Геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү максатында жер казынасын пайдаланууга укук берген №2387 АР лицензиясынын негизинде чалгындоо иштерин жүргүзүүгө уруксат берилсин.
5. «Чжун-Дьжи-Майнинг» кытай-кыргыз компаниясы ЖЧКсы 2018-жылдан баштап 2021-жылга чейин 13 000 000 сом материалдык каражаттарын берүү боюнча Эмгекчил айыл аймагы менен «Чжун-Дьжи-Майнинг» кытай-кыргыз компаниясы ЖЧКсы ортосунда өзүнчө келишим түзүлсүн.
6. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Эмгекчил айыл өкмөтүнүн башчысы Айдарбек уулу Тилекке милдетендирилсин.
Төрага | И.Мукамбетов |