Загрузка документа…
ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 15-августу № 02
“Таш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу асфальт көчөлөрдү ремонттон чыгарууга акча каражат бөлүп берүү жөнүндө”
Депутат Т.Гиязов жана О.Юсупованын сунушунун карап жана талкуулап
ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Таш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу асфальт көчөлөрдү ремонттон чыгарууга кошумча 97000 (токсон жети миң) сом акча каражат 2018-жылдын экинчи жарым жылдын жыйынтыгы менен кошумча акчадан ажыратып берүүгө уруксат берилсин.
2.Токтомдо көрсөтүлгөн акча каражатын максаттуу пайдалануу айыл өкмөтүнүн финанс-экономика бөлүмүнүн башчысы Р.Аманкуловага милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
Төрага | Шермат уулу Алмаз |