Загрузка документа…
КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-январы № 05
«Кара-Ой айыл ѳкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлеринин эмгек маянасына кошумча акча-каражаты жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2016-жылдын май айынын 30гы №75 Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жѳнүндѳ токтомунун, 6 бѳлүмүнүн 31 беренесинин 6-пунктуна ылайык, айыл ѳкмөтүнүн ФЭБнун башчысынын убактылуу м.а. А.Жайнакованын айыл ѳкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин айлык маяна көлөмүн көбөйтүү жөнүндөгү кайрылуусун карап, талкуулап чыгып Кара-Ой айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Ой ѳкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлеринин ар бирине, Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинде белгиленген 8 сааттан ашык иштегендиктери үчүн, ошондой эле коммуналдык чыгымдардын, анын ичинен электр энергияга болгон төлөмдөрдүн кымбаттагандыгына байланыштуу, социалдык жактан колдоо максатында, кызмат акыларына кошумча 30 % өлчөмүндө акча-каражаты №1 тиркемеге ылайык кошулуп берилсин. (тиркеме тиркелет).
2. Жыл ичинде акча-каражаттын сарпталышы бекитилген бюджет боюнча жүргүзүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын контролго алуу жагы, Кара-Ой айыл ѳкмөтүнүн башчысы К.Тюлегеновго жана ФЭБнун башчысынын убактылуу м.а. А.Жайнаковага милдеттендирилсин.
4. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы «Бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести өнүктүрүү боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.У. Усенбеков |