Загрузка документа…
КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 23-марты № 02
«К.Мамырбаевге үйүнүн алдындагы жер тилкесин ижарага берүү жѳнүндѳ»
Кара-Ой айыл аймагынын туругуну К.Мамырбаевдин жазган арызынын негизинде, Кара-Ой айылдык Кеңеши карап талкуулап чыгып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Ой аймагынын тургуну Карыбай Мамырбаевге Совет кѳчѳсү №339 дарегиндеги үйүнүн алдындагы дүкѳнү жана кафеси жайгашкан жер тилкеси кызыл сызыктан чыгып кеткендигине байланыштуу, 4 жыл 10 айга (тѳрт жыл он ай) ижарага берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин «Жер жана агрардык реформа, жаратылыш ресурстарын пайдалануу, экология, туризм, курорт тармагы» жана «Бюджет, каржы жана экономика» туруктуу комиссиясына боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
3. Айылдык кеңешинин чечимин аткарылышын көзөмөлдөө жана келишимди түзүү жагы Кара-Ой айыл ѳкмөтүнүн башчысы К.Тюлегеновго тапшырылсын.
Төрага | Б.У. Усенбеков |