Загрузка документа…
КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 23-марты № 10
«Кара-Ой айыл аймагындагы рухий дүйнѳнү таратууга кѳмѳктѳш «Руханият» ассоциация эс алуу жайынынын кѳл жээгиндеги жер аянтын ижарага берүү жѳнүндѳ»
Рухий дүйнѳнү таратууга кѳмѳктѳш «Руханият» ассоциациясынын 22.03.2018-жылдагы №38 арызынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 78 беренесине ылайык, Кара-Ой айылдык Кеңеши карап талкуулап чыгып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Ой айыл аймагындагы Рухий дүйнѳнү таратууга кѳмѳктѳш «Руханият» ассоциациясына 4 жыл 10 айга (тѳрт жыл он ай), 0,80 га кѳл жээгиндеги жер аянты ижарага берилсин.
1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин «Жер жана агрардык реформа, жаратылыш ресурстарын пайдалануу, экология, туризм, курорт тармагы» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
2. Айылдык кеңешинин чечимин аткарылышын көзөмөлдөө жана келишимди түзүү жагы Кара-Ой айыл ѳкмөтүнүн башчысы К.Тюлегеновго тапшырылсын.
Төрага | Б.У. Усенбеков |