КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII – ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ ОН БИРИНЧИ СЕССИЯСЫ
2018-жылдын 28-апрели № 01
«Кара-Ой айыл аймагындагы «Алтын-Кѳл» эс алуу жайынынын кѳл жээгиндеги жер аянтын ижарага берүү жѳнүндѳ»
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 78 беренесине ылайык, Кара-Ой айылдык Кеңеши карап талкуулап чыгып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Ой айыл аймагындагы «Алтын-Кѳл» эс алуу жайына, айыл ѳкмѳтүнүн тиркелген келишиминдеги пункттарына ылайык, 1(бир) жылга кѳл жээгиндеги жер аянты ижарага берилсин.
1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин «Жер жана агрардык реформа, жаратылыш ресурстарын пайдалануу, экология, туризм, курорт тармагы» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
2. Айылдык кеңешинин чечимин аткарылышын көзөмөлдөө жана келишимди түзүү жагы Кара-Ой айыл ѳкмөтүнүн башчысы К.Тюлегеновго тапшырылсын.
Төрага | Б.У. Усенбеков |