Загрузка документа…
КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-апрели № 02
«Кара-Ой айыл аймагындагы КОК «Азат» эс алуу жайынынын кѳл жээгиндеги жер аянтын ижарага берүү жѳнүндѳ»
«Азат» эс алуу жайынын директору Р.Ж.Турсуналиевдин жазган арызынын жана Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 78 беренесине ылайык, Кара-Ой айылдык Кеңеши карап талкуулап чыгып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Ой айыл аймагындагы КОК «Азат» эс алуу жайына, 4 жыл 10 айга (тѳрт жыл он ай), 0,10 га кѳл жээгинин күн чыгыш тарабындагы жер аянты ижарага берилсин.
2. Кара-Ой айыл аймагындагы КОК «Азат» эс алуу жайынын кѳл жээгине, эс алуу жайы тарабынан пирс салууга уруксат берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин «Жер жана агрардык реформа, жаратылыш ресурстарын пайдалануу, экология, туризм, курорт тармагы» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Айылдык кеңешинин чечимин аткарылышын көзөмөлдөө жана келишимди түзүү жагы Кара-Ой айыл ѳкмөтүнүн башчысы К.Тюлегеновго тапшырылсын.
Төрага | Б.У. Усенбеков |