Загрузка документа…
КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 12-июну № 05
«Ижарага берүү жѳнүндѳ»
Г.Б.Джумалиеванын жазган арызынын негизинде, Кара-Ой айылдык Кеңеши карап талкуулап чыгып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Ой айыл аймагындагы жаӊы конушунун №3 жеринде жайгашкан, жалпы аянты 68,4м² жер тилкесин Джумалиева Гульмира Бусурманкуловнага, 4 жыл 10 айга (тѳрт жыл он ай) жашылдандыруу жана кѳрктѳндүрүүгѳ ижарага берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин «Жер жана агрардык реформа, жаратылыш ресурстарын пайдалануу, экология, туризм, курорт тармагы» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
3. Айылдык кеңешинин чечимин аткарылышын көзөмөлдөө жана келишимди түзүү жагы Кара-Ой айыл ѳкмөтүнүн башчысы К.Тюлегеновго тапшырылсын.
Төрага | Б.У. Усенбеков |