Загрузка документа…
КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 12-июлу № 08
«Ардактуу Атуул» наамына сунуштоо жѳнүндѳ»
Ысык-Кѳл райондук мамлекеттик администрациясынын 29.06.2018-жылдагы №1/1-1391 катынын негизинде, Кара-Ой айылдык Кеңеши карап талкуулап чыгып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Ой айыл аймагында, 2018-жылга карата, айыл аймагынын социалдык-экономикалык жактан ѳсүп ѳнүгүүсүнѳ айылдын, элдин, Кыргыз Республикасынын алдында коомдук иштерине кошкон зор салымы үчүн, Кара-Ой айыл аймагынын тургуну, медицина илимдеринин кандидаты, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жогорку квалификациялык категориядагы урологу Касымбек Муканбаев, Ысык-Кѳл районунун «Ардактуу Атуул» наамын ыйгарууга сунушталсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин «Депутаттардын иши, этика, мыйзамдуулук, укук маселелери, мамлекеттик башкаруу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка органдар менен иш алып баруу» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
3. Айылдык кеңешинин чечимин аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Ой айыл ѳкмөтүнүн башчысы К.Тюлегеновго тапшырылсын.
Төрага | Б.У. Усенбеков |