Загрузка документа…
БУДАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-январы № 16\1
Будалык айылдык Кенешинин 2018-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө.
Будалык айылдык Кенешинин 2018-жылга карата түзүлгөн иш планы менен таанышып жана талкуулап Будалык айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Будалык айыдык Кеңешинин типтүү Регламентинин 1-бөлүгүнүн 1.2 пункуттарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын 4-главасынын 28-беренесинин 1 жана 4-пункуттарына таянып, 31-беренесине ылайык иш планы түзүлүп бекитилсин.
( тиркелет.)
2. 2018-жылга карата түзүлгөн иш пландын аткарылышын камсыз кылуу жана аткарылышы боюнча берип туруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана тиешелүү адистерге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көмөлдөө бардык туруктуу комиссияларга милдеттендирилсин.
Төрага | С. Рахматов |
Будалык айылдык кенешинин
27-январь 2018-жылдагы №16\1
токтомуна тиркеме
Будалык айылдык Кенешинин 2018-жылга карата
иш планы.
К № | Аткарылуучу иштин мазмуна | Аткаруу мөөнөтү | Кайсы туруктуу комиссия аткарат | Аткарууга жооптуулар |
1 | 1.Айылдык Кенештин 2018-жылга карата иш планын бекитүү |
1-чейрек (картал) | Жергиликтүү бюджет жана салык иштери, Муниципалдык менчик,жол маселелери боюнча туруктуу комиссия | Аринов Сагын Мурзакулов Нургазы Арапбай уулу Улан
|
2.Будалык айыл өкмөтүнүн Регламентин бекитүү жөнүндө | ||||
3.Будалык айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2017-жылдагы кирешелеринен түшүп, үнөмдөлгөн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө | ||||
4.”Алмалууу” “Бука Булак” таза суу ишканасына суу түтүктөрүн өткөрүп берүү жана анын тарифтерин бекитүү жөнүндө | ||||
2 | 1.Жөлөк пул төлөөгө документ кабыл алууда атайын түзүлгөн комиссиянын жана социалдык кызматкердин иш аракети жөнүндө | 2-чейрек (картал) | Мыйзамдуулукту сактоо, укук тартибин чындоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана этика боюнча туруктуу комиссиясы | Караев Сагын, Мурзакулов Нургазы, Осмонов Зайырбек
|
2.Кара Суу почта байланыш бөлумүнүн аткарып жаткан иштери жана калкка кызмат көрсөтүүсү жөнүндө | ||||
3.Ар түрдүү маселелер
| ||||
3 | 1.Айыл өкмөтүнүн аймагындагы бала бакчалардын мектептердин жаңы 2018-2019-жаны окуу жылына карата ремонтто иштери жана айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнгөн акча каражатынын сарпталышы жөнүндө | Билим берүү, спорт, жаштар иштери жана маданий массалык иштерди уюштуруу боюнча туруктуу комиссиясы | Арапбай уулу Улан, Топчуева Асел, Алиев Медер. | |
2.Ички жана жайыт жолдордун абалы жөнүндө | ||||
3. Ар түрдүү маселелер.
| ||||
4 | 1.Малдарды эмдөөлөрдүн абалы, ветеринардык кызматкерлердин аткарып жаткан иштери жана калкка кызмат көрсөтүүсү жөнүндө | 4-чейрек. (картал |
|
|
2. 2018-жылга карата кабыл алынган социалдык экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы 2019-2020-жылдарга болжолдуу пландарын бекитүү Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылды “Региондорду өнүктүрүү жылы” деп жарыяланышы боюнча мекемелерде аткарылган иштер жөнүндө |
Будалык айылдык кенешинин жооптуу катчысы: Ж.Осмонова