Загрузка документа…
БУДАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 23- майы № 18\1
“Будалык айыл өкмөтүнүн социалдык маселелери жана аз камсыз болгон уй бүлөөлөргө жөлөк пул төлөөнүн шарттары жана ал боюнча мыйзамдардын аткарылышы жөнүндө.
Будалык айыл өкмөтүнүн социалдык маселелери жана аз камсыз болгон үй бүлөөлөргө жөлөк пул төлөөнүн шарттары жана ал боюнча мыйзамдардын аткарылышы боюнча социалдык кызматкер З.Рыскулованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Будалык айылдык Кенеши.
Т О К Т О М К Ы Л А Т.
1. Будалык айыл өкмөтүндөгү аз камсыз болгон үй бүлөөлөргө колдоо көрсөтүүдө, социалдык колдоого муктаж болгон жалгыз бой карыяларга жана жетим, жана жарым жетим балдарга камкордук көрсөтүүдө бир топ алгылыктуу иштер жүргүзүлүп жаткандыгы белгиленсин
2. Аз камсыз болгон үй бүлөөлөргө жөлөк пул чектөөдө Алай районундагы социалдык өнүгүү башкармалыгындагы адистер кабыл алып жаткандыгы жөнүндө калкка түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
3. Ар бир үй бүлөөгө социалдык паспортторду толтурууда үй бүлөөлөрдүн Кирешелерин так, туура эсептөө социалдык кызматкерге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөттүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | С.Рахматов |
БУДАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН 6 ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН
КЕЗЕКТЕГИ 18 ЗАСЕДАНИЕСИНЕ СОЦИАЛДЫК КЫЗМАТКЕР
З.РЫСКУЛОВАНЫН БИЛДИРҮҮСҮ
Будалык айыл өкмөтүндө калкты социалдык жактан коргоо боюнча бир катар иштер аткарылды тактап айтканда , социалдык жеңилдик алуучулар боюнча:
тылда иштегендер – 6
жалгыз бой карыялар -5,
80-жаштан жогорку карыялар -80,
ооган согушунун катышуучусу -1,
Биринчи топтогу майыптар - 12
экинчи топто майыптар -41,
үчүнчү топтогу майыптар -52
баатыр энелер -54,
жарым жетим калган балдар -59,
толголок жетим калган балдар -2,
ажырашып кеткен же болбосо жалгыз бой энелер- 35,
күбөлүгү жок балдар -1
”кургак учук” оорусу менен ооругандар -1 болуп каттодо турушат.
Будалык айыл өкмөтү боюнча 1- категорияда 0-900 сомго чейинки эн жакыр үй бүлөөлөрдүн саны 197, 2-категорияда 900-1519сомго чейинки орто үй бүлөөлөр -192,ал эми 3-категорияда 1354.1.-2314.1 сомго чейинки жакшы жашаган үй бүлөлөр-98 болуп жакырчылыктын деңгээли 54% пайызды түзөт
2017-жылдын 1-декабрынан тартып жөлөк пул алган үй бүлөөлөрдүн саны 84 болсо азыркы күндө жөлөк пул алган үй-бүлөөлөрдүн саны 164 ,баардык балдардын саны 409,анын ичинен эгиздер 4, 3жашка чейинки балдар 99.
2018-жылдын май айынан баштап жөлөк пул чыгарууга сунуштоочу комиссиялар жоюлгандыгына байланыштуу Алай районундагы социалдык өнүгүү башкармалыгындагы адистер кабыл алып жатышат.Ал эми Будалык айыл өкмөт тарабынан жакырчылыгы аныкталып соц паспорт толтурулууда.
Социялдык жактан колдоого муктаж болгондорго даректүү жардамдарды көрсөтүлүүдө айыл өкмөтүндөгү ден соолугунан ,турмушунан оор деп эсептелинген жарандарга демөрчүлөр тарабынан аз камсыз үй бүлөлөрдүн балдарына ,тоголок жетим балдарга ,жарым жетим балдарга баардыгына биригип 60 балага буттарына бут кийим таркатылып берилди
Демөрчү Асанов Адыл жана Асанов Макен тарабынан ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген,жарым жетим тоголок жетим,жалгыз бой карыяларга ,аз камсыз үй-бүлөөлөргө,баарына биригип 90-үй-бүлөөгө 1 каптан ун 5литрден май таркатылып берилди
Жана ошондой Улан Примовтун атынан да 10 үй-бүлөөгө 1кг күрүч ,1кг конфет,1кг макарон, 1 пачка чай,1пачка кант 10 кг ун таркатылып берилди
Ооган согушунун катышуучусу Мамытов Полотко айыл өкмөтү тарабынан 2000 (эки миң) сом акча каражаты,резервдик фонддон 5,0(беш мин) сом бөлүнүп,айыл өкмөт кызмакерлери тарабынан үйүнө барып кабар алынып,баласына бут кийим алып беришти.
Социалдык кызматкер | З.Рыскулова |