Загрузка документа…
БУДАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 23- майы № 18\2
“Кара Суу почта байланыш бөлумүнүн аткарып жаткан иштери жана калкка кызмат көрсөтүүсү жөнүндө”
Кара Суу почта байланыш бөлумүнүн аткарып жаткан иштери жана калкка кызмат көрсөтүүсү жана аткарып жаткан иштери жөнүндө Кантөрө уулу Өзгөрүштүн билдирүүсүн угуп жана талкуулап
Будалык айылдык Кенеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т.
1. Будалык айыл өкмөтүндөгү Кара Суу почта байланыш бөлүмүндө аткарылып жаткан иштер канааттандыраардык деп белгиленсин.
2. Кара Суу байланыш бөлүмүндө “Таза Коом” долбоорунун негизинде маалыматтык күркө иштеп жаткандыгы жөнүндө калкка түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөттүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | С.Рахматов |
Будалык айылдык кеңешинин 6 – чакырылышынын кезектеги
18- заседаниесине Кара-Суу байланыш бөлүмүнүн оператору
Кантөрө уулу Өзгөрүштүн билдирүүсү
Кара-Суу байланыш бөлүмүндө 3 кызматкер эмгектенет. Пенсия, пособия, кат кабар ташуу жүргүзүлөт.
2017- жылдын 2-октябрдан тартып Кара-Суу байланыш бөлүмүндө “Таза Коом“ долбоорунун негизинде мааламаттык күркө иш жүргүзуп келе жатат.
Төмөндөгү функционалдык милдеттерди аткарууга 2018-жылдын май айына чейин бир катар иштер аткарылып тактап айтканда биздин кызмат көрсөтүүлөр боюнча:
1 | Кыргыз Республикасынын жарандарын жашаган жери жана барган жери боюнча каттоо жана каттолук эсептен чыгару
| Каттолук эсепке киргизүү | 101 |
Каттоодон чыгаруу | 18 | ||
2 | Каттоолук эсепке алуу тууралуу маалымат берүү | 6 | |
3 | Кыргыз Республикасынын жарандарын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасын (ID- карта) тариздөөгө жана даярдоого документтерди кабыл алуу жана аларды берүү | 35 | |
4 | Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортун тариздөөгө жана даярдоого документтерди кабыл алуу жана аларды берүү | 6 | |
5 | Жарандарга персоналдык идентификациялык номурларды ыйгарууга жана өзгөртүлөрдү киргизүүгө документтерди кабыл алуу | 190 | |
6 | Документтерди кабыл алуу жана туулгандыгын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөрдү берүү | 42 | |
7 | Документтерди кабыл алуу жана никелешүүнү мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөрдү берүү | 15 | |
8 | Документтерди кабыл алуу жана аталыкты аныктоону мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөрдү берүү | 9 | |
9 | Документтерди кабыл алуу жана өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөрдү берүү | 7 | |
10 | Кыймылсыз мүлкү бар/жок экендиги тууралуу маалыматтарды берүү
| 17 | |
11 | Балага сүйүнчү акча чыгаруу боюнча арыздарды жана документтерди кабыл алуу | 18 | |
Оператор ОС Кара-Суу | Кантөрө уулу Ө |