Загрузка документа…
БУДАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 3-марты № 17 \2
“Ар түрдүү оору менен жабыркап,чет өлкөлөрдө операция боло турган атуулдарга Будалык айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө”
Будалык айыл өкмөтүнө караштуу Кара Суу айылыны тургуну Кошманбетова Чынар Кыргыз Республикасынын Өкмөт башчысы Исаков Сапар Жумакадыровичке небереси Ысмаилов Нуртилек Сабырбековичтин бооруна РФнан боорунан операция болуп, акча каражаты жетишпей жатканы жөнүндө кайрылган жана ошондой эле Кайнама айылынан Алибаев Жоомарт жана Ашимова Венеранын баласы Исламбеков Максатбек Жомартбековичтин да чет өлкөгө барып,бөйрөгүн алмаштырууга каражаты жетишпей жаткандыгы жөнүндө,Октябрь айылынын тургуну Абдраева Багдагүл да күйөөсү өпкөсүнөн операция болуп,акча каражаты жетишпей жатканы боюнча арыз менен кайрылышкан. Ушул 3 атуулдун арызын карап, оорулуулардын диагноздору менен таанышып чыгып, материалдык колдоо көрсөтүү максатында
Будалык айылдык кенешинин 6 чакырылышынын кезексиз17 заседаниеси
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Будалык айыл өкмөтүнө караштуу Кара Суу айылыны тургуну Кошманбетова Чынардын, Кайнама айылынын тургуну Ашимова Венеранын, Октябрь айылынын тургуну Абдраева Багдагүлдүн арызы канаатандырылып, материалдык жардам берилсин.
2. Ооган согушунун катышуучусу Мамытов Полотко, жалгыз бой карыя Темирбаева Шаанига, аз камсыз болгон үй бүлөөлөр Бостонбаев Кармышакка да мүмкүнчүлүккө жараша акчалай жардам берилсин.
3. Бөлүнгөн акча каражатын бөлүп берүү, ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу КЭБ башчысынын милдетин аткаруучу Ж. Ыстамовго милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы тийиштүү туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага | С.Рахматов |