Загрузка документа…
БУДАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 3-марты № 17 \3
“Будалык айыл өкмөтүнө караштуу Жайыт пайдалануучулардын бирикмесинин 2018-2022-жылдарга карата орто мөөнөттүү планын бекитүү жөнүндө
Будалык айыл өкмөтүнө караштуу Жайыт пайдалануучулардын бирикмесинин 2018-2022-жылдарга карата орто мөөнөттүү планы менен таанышып,
Будалык айылдык кенешинин 6 чакырылышынын кезексиз 17 заседаниеси
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Будалык айыл өкмөтүнө караштуу Жайыт пайдалануучулардын бирикмесинин 2018-2022-жылдарга карата орто мөөнөттүү планы бекитилсин(тиркелет)
2. Будалык айыл өкмөтүнө караштуу Жайыт пайдалануучулардын бирикмесинин 2018-2022-жылдарга карата орто мөөнөттүү планы боюнча иш жүргүзүп, жайыттарды туура пайдалануу боюнча иш жүргүзүлсүн.
3. 4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы тийиштүү туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага | С.Рахматов |
Будалык айылдык
кеңешинин
депутаттарынын сессиясында
2018-жылдын “____” _____________
Токтомуна тиркеме
КИРИШҮҮ
Будалык айыл аймагындагы Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) Жайыт комитети тарабынан иштелип чыккан Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын планы (ЖБПЖП) Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жалпы чогулушунда жайыт пайдалануучулар, айыл өкмөтү жана башка кызыкдар тараптар, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Алай райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы менен 2018-2022 жылдардын мезгилине макулдашылган.
Кыргыз Республикасынын жайыттар боюнча колдонуудагы ченемдик укуктук актыларына ылайык, ЖБПЖП жергиликтүү кеңештин сессиясында да каралып чыгып, бекитилген жана Жайыт комитети менен жайыттарды башка максаттарга пайдалануу боюнча тийиштүү келишимдерди түзгөн бардык жайыт билетин алуучулар жана башка физикалык жана юридикалык жактар тарабынан аткарылышы милдеттүү түрдө талап кылынат.
Пландын биринчи бөлүгүндө Будалык айыл аймагынын географиялык жайгашышы, табигый-климаттык шарттары, калктуу конуштары (айылдары) жана калкы, жер ресурстары жөнүндө жалпы маалымат берилген.
Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу, малдардын ден соолугун коргоо жана жайыттарды башкарууну жана пайдаланууну жакшыртуу жана мал чарбасын өнүктүрүү жаатындагы жергиликтүү потенциалды күчөтүү боюнча беш жылдык жана жылдык пландар ЖБПЖПнын негизги бөлүгү болуп саналат.
Документтин жыйынтыктоочу бөлүгүндө ЖБПЖПнын жүзөгө ашырылышына жана жыйынтыктарына мониторинг жүргүзүү жана баа берүү боюнча кеңири план чагылдырылган.
Негизги пландын ажырагыс бөлүгү болуп эсептелген деталдуу чакан долбоордук сунуштар, айыл аймактын профайлы (паспорту), жайыт участокторунун абалына баа берүүнүн жыйынтыктары, ж.б.у.с. материалдар планга тиркелген.
Ушул ЖБПЖП келечектеги орто мөөнөттүү жана кыска мөөнөттүү көрүнүштө жалпысынан жайыттарды башкарууну жана пайдаланууну, малдардын ден соолугун коргоону жана малды тоюттандырууну жакшыртуу аркылуу мал чарбачылыгын өнүктүрүүдө жергиликтүү калктын кирешелерин көбөйтүүгө багытталган.
2.ЖАЛПЫ МААЛЫМАТ
2.1. Географиялык орду, климаты, айылдары жана калкы
Будалык айыл аймагы Алай районунун борбордук бөлүгүндө жайгашкан.
Будалык айыл аймагынын климаты негизинен кескин континенталдуу климаттарга кирет. Июнь айындагы абанын орточо температурасы + 15,8 +25,5°C, Эң суук күндөр январь айына туш келет -14,7 – 22,5°C ке чейин. Өтө ысык аба ырайы июль айында күтүлөт.
Будалык А/А беш айыл бар. Будалык айылы айыл аймактын административдик борбору болуп саналат
Калктын жана түтүндөрдүн саны тууралуу маалымат
1-таблица
2-таблица
Иш чөйрөсү | 2018г. |
Мал чарбачылык | 97 |
Дыйканчылык | 2 |
Кызмат көрсөтүү чөйрөсү (соода, ж.б.) | 1 |
БАРДЫГЫ: | 100% |
2.2. Жер ресурстары
Айыл аймагындагы жайыт жерлерди кошкондо жер ресурстарынын жалпы аянты 28542 гектарды түзөт. Төмөнкү 3-таблицада айыл чарба жерлеринин категориялар
боюнча аянты көрсөтүлгөн. 3 таблица
2.3. Жайыт пайдалануучулар бирикмеси (ЖПБ) жөнүндө кыскача маалымат
Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамы кабыл алынгандан кийин, Будалык А/А аймагында жайыт пайдалануучулардын демилгеси менен жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, аткаруу органы – жайыт комитети, ал эми Жайыт пайдалануучулар бирикмеси - Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органы катары катталган.
4-таблица
Юридикалык дареги: | Ош облусу, Алай району, Будалык айылы. |
Эсептешүү эсеби: | № БИК 129042 ОКПО26566180 |
Жеке идентификациялык номери: | 03001201010303 |
Мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүк: | 110299-3306-Уе. |
Башкаруу структурасы: | Ø Жогорку башкаруу органы – ЖПБ мүчөлөрүнүн жалпы чогулушу Ø Текшерүү-көзөмөлдөө органы – Текшерүү комиссиясы Ø Аткаруучу орган – Жайыт Комитети. |
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин ортосундагы жайыттарды башкаруу жана пайдалануу жөнүндө келишим (№ жана күнү) же Жергиликтүү кеңештин жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча өзүнүн ыйгарым укуктарын Жайыт пайдалануучуларга өткөрүп берүү жөнүндө протоколу (№ жана күнү) | №5/37142 16-октябрь 2017-жылкы келишимдин негизинде ЖПБ га бекитилип берилген. |
2018-жылда жайыт билеттерин алган жайыт пайдалануучулардын тизмеси |
|
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана ЖПБнын Жайыт комитеттеринин жетекчилери жана жооптуу адамдары:
5-таблица
№ | Аты-жөнү | Мекеме | Кызмат орду | Электрондук почта | Байланыш телефону |
1 | Рахматов Сагындык | Жергиликтүү кеңеш | Төрага |
| 0556 272126 |
2 | Каримов Залкарбек | Айыл өкмөтү | Башчысы |
| 0553 350008 |
3 | Исаков М | Жайыт комитети | Төрагасы |
| 0554 068080 |
4 | Жаанбаев Э | Жайыт комитети | Малдардын ден соолугун коргоо тобунун башчысы |
| 0773 494656 |
5 | Исаков М | Жайыт комитети | Жайыттардын абалына мониторинг жүргүзүүгө жана баа берүүгө жооптуу адам |
| 077355 88 73 |
6 | Исаков М | Жайыт комитети | Жайыт жерлерин пайдалануу үчүн акы төлөөнү жыйноого жооптуу адам |
| 077355 88 73 |
7 | Ибраев Шайымбек | Текшерүү комиссиясы | Төрага |
| 0554441241 |
2.4 Айыл аймагы боюнча жайыттардын кыскача мүнөздөмөсү жана инфраструктурасы
Будалык А/Ада жайыт аянттарынын өлчөмү жалпысынан – 10684 гектарды түзөт. . Жайыт участокторунун саны -24. Андан сырткары Будалык ААнын жайыт пайдалануучулары узак мөөнөттүү пайдаланылуучу алыскы жайыттардан (Алай УДПсынан) пайдаланышат.
Будалык ААнын карамагындагы жайыттарда учурда төмөндөгүдөй инфраструктура объектилери иштейт:
3 даана көпүрө, 153 км узундуктагы жайыт жолдору оңдолот
6-таблица
*Мал жайууга мүмкүн болгон жерлер – Буларга сугат жана кайракы айдоо жерлер, кысыр аңыздар жана көп жылдык бак-дарактар ж.б. кирет, ошондой эле түшүм жыйналгандан кийин гана жайылат (3-табицаны караңыз).
Будалык А/А жайыт участоктору
1-карта
Будалык А/А жайыт участогунун инфраструктурасы
2-карта
1. МАЛДАРДЫН САНЫ, АЛАРДЫН ЖАЙЫТКА ЖАНА ДАЯРДАЛУУЧУ ТОЮТТАРГА БОЛГОН МУКТАЖДЫГЫ
3.1. Быйылкы жылга шарттуу малдын башы
2018-жылдын 1-январына карата Будалык A/A эсептелип чыккан малдын башы 14984 ны түзгөн (7-таблица). Малдын бир нече түрү багылат, жана алардын ар бир түрүнө карата күн сайын жана ай сайын канча КЗ керектелери эсептелген. Айыл аймагында 919 кожолук жайгашкан. Алардын көпчүлүгү негизинен сүт жана эт өндүрүү үчүн бодо мал кармайт. Сүт базарда жана сүт жыйноочуларга сатылат жана оз керектоосуно пайдаланылат. Жылкыны кымыз өндүрүү жана айыл чарба жумуштарын аткаруу үчүн багышат.
2018-жылга карата малдын башы жана түрүнө жараша тоюттун керектелиши
7-таблица
3.2. 2019-2022-жылдарга карата болжолдуу шарттуу малдын башы
№8 таблицада айыл чарба багытындагы малдардын өсүшү 2014-2018-жылдардагы малдын ар кандай түрү боюнча өсүү динамикасынын негизинде алынган маалыматтар. Малдын санынын өсүшү тууралуу маалымат божомолдуу болуп саналат жана 2018-жылдын планында берилген маалыматтан айырмаланышы мүмкүн.
8-таблица
3.3. Быйылкы жылга жайыт жана даярдалуучу тоюттарга болгон муктаждык
2018-жылга карата мезгилдер боюнча жайыт жана даярдалуучу тоюттарга болгон муктаждык
9.1-таблица
2018-жыл ичинде малдын жалпы санын тоют менен талаптагыдай камсыз кылуу үчүн 13898 тонна тоют керектелет, анын ичинен 8719 тонна жайыт тоюту жана 5178 тонна даярдалуучу тоюту кирет. Адатта мал жайытка бир жыл ичинде 229 күн жайылат, ал эми короодо 136 күн кармалат.
2. БЫЙЫЛКЫ ЖЫЛГА КАРАТА ЖАЙЫТ ЖАНА ДАЯРДАЛУУЧУ ТОЮТТАРДЫН КӨЛӨМҮ ЖАНА ТОЮТ БАЛАНСЫ
4.1. Жайыттардагы жана мал жайылуучу участоктордогу тоюттун көлөмү
2018-жылга жайыттардын жана мал жайылуучу участоктордун мезгил боюнча түшүмдүүлүгү жана сыйымдуулугу
10-таблица
2018-жылга карата мезгилдер боюнча жайыттардын жана мал жайылуучу участоктордун түшүмдүүлүгү жана сыйымдуулугу боюнча жыйынтыкталган таблица
10.1-таблица
[2] 4.2. Даярдалуучу тоюттун көлөмү
Колго даярдалуучу тоюттардын түшүмдүүлүгү жөнүндө маалыматтын жоктугуна байланыштуу республика боюнча түшүмдүүлүктүн орточо көрсөткүчтөрү алынды.
4.2. Тоют балансы
Жайыттардын түшүмдүүлүгүнө жана колго даярдалуучу тоюттардын көлөмүнө жүргүзүлгөн анализге ылайык (11 жана 12-таблица), айыл аймакта жайыт жана даярдалуучу тоюттар жетиштүү өлчөмдө камдалган. Малды кыш мезгилинде тоют менен камсыздоо үчүн жетиштүү көлөмдөгү тоют даярдалат, анткени айдоо аянттары айыл аймактын ар бир тургунуна малды багууга жетиштүү өлчөмдөгү жер үлүшү бөлүнүп берилген.
2018-жылга карата ар бир мезгилге жараша тоют балансы
12-табица
а
2-график
Будалык А/А мал жаюу системасына 24 участок же 4 мал жаюуну башкаруу зонасы (коктулар) кирет. Ар бир коктуда талаа жана шалбаа-талаа жерлери бар. Жайыттын түшүмдүүлүгү 1 чарчы жайыт жеринен “Чөп чабуу” ыкмасынын негизинде аныкталат. «Кыргызгипрозем» институнан жазгы жана кышкы тоюттардын түшүмдүүлүгү боюнча алынган маалыматтардын негизинде колдонулган жана бул маалыматтар тийиштүү жайыт участокторуна гана колдонулат. Жайытка жаюуга уруксат берилген ченемдер 60% түзөт, бирок Будалык А/А жүргүзүлгөн анализде “жарымын алуу жана жарымын калтыруу” белгилүү стандарты колдонулат.
5. КЛИМАТТЫН ӨЗГӨРҮШҮН ЭСКЕ АЛУУ МЕНЕН ЖАЙЫТТАРДЫН АБАЛЫН БААЛОО ЖАНА АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮ КОРГОО, ЖПБ МУКТАЖДЫКТАРЫ
5.1. Климаттын өзгөрүшүн эске алуу менен жайыттардын абалын баалоо анализи
Акыркы жылдарыБудалык А/А аймагында аба ырайынын өзгөрүшү байкалууда:
2014-жылы кургакчылык болду, жай мезгили жамгырсыз өтүп, аба ырайынын температурасы абдан жогорулады. Айрым жайыт жерлериндеги чөптөр күйүп кетти, кээ бир булактар соолуп калды, мунун баары малдын азыктуулугуна терс таасирин тийгизди. Ал эми 2016-жылы жазында жана жайында жамгыр көп жаап, жайыт өсүмдүктөрүнүнүн өсүшүнө шарт түздү, бирок ошону менен катар эле малды жайкы жайыттарга өз убагында айдап чыгуу түйшүктүү болду (аба ырайынын төмөн температурасына байланыштуу жайыттарда чөптүн кеч чыгышы, нөшөрлөп жааган жамгыр, сел, ташкындап аккан дарыядан өтүүдөгү кыйынчылыктар, ж.б.).
Мындай терс көрүнүштөргө климаттын өзгөрүшү да өз таасирин тийгизип келет. Жайыттарды пайдалануу планын иштеп чыгууда климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу чараларын Кыргызгидромет тарабынан иштелип чыккан орто жана кыска мөөнөттүү аба ырайынын божомолун пайдаланып, карап чыгуу зарыл.
2018-жылы март айында АДИБ, ЖД негизги 1 жайыт участогунда (Кунгой участогу) мал жайытка жайылгандан кийин жайыттардын абалына мониторинг жана баалоо жүргүзүлгөн (МБнын жыйынтыктары 3-тиркемеде берилген). Быйылкы жылы жүргүзүлгөн мониторинг жаана баалоо Кунгой участогундагы жайыттар гана бир аз деградацияга учурагандыгын көрсөттү. Мунун себеби мурунку кургакчылык жылдарга жана малды ашыкча жаюуга байланыштуу. Мындай учурда климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу жолдорунун бири жайыттардын жүгүн 50% азайтуу болуп саналат. Башка бааланган участоктордун абалы жакшы. Жайыттардын сыйымдуулугун аныктоодо бул натыйжалар күзгү жана жайкы жайыттарда гана пайдаланылган, ал эми кышкы жана жазгы жайыттарда Кыргызгипроземдин 2010-жылга берилген маалыматтары колдонулган. Мындан ары Будалык А/А ЖК бардык участоктордо мезгил боюнча пландык мониторинг жүргүзүүгө ниеттенүүдө. Жайыттарга мониторинг жүргүзүү жана баалоо планы 4-тиркемеде берилген (Кыргыз Республикасындагы жайыттардын абалын “Кайчылаш сызыктар” ыкмасы менен баалоо боюнча колдонмо).
Мезгилдин ортосунда чөптүн оттолушун көзөмөлдөө жана жайыттарды пайдалануу максаттарынын аткарылышына ишендирүү үчүн чөптүн оттоо деңгээлин аныктоо үчүн “Негизги өсүмдүктөрдүн ыкмасы” менен жүргүзүү сунушталат. Мониторингдин натыйжаларын сактап коюу зарыл.
5.2. Фокус топтордун жыйынтыктарынын негизинде ЖПБнын муктаждыктарын баалоо анализи
Фокус топторунда жүргүзүлгөн талкуулоолордун жыйынтыгында, ЖПБнын жалпы чогулушунда жактырылган төмөнкү өнүктүрүүнүн артыкчылык багыттары аныкталган (14-таблицаны караңыз).
№ | Артыкчылык багыттары | Жайгашкан орду |
1 | Жайыттарды жакшыртуу максатында көргөзмө участокторду уюштуруу жана түптөө | Кайнама участогу |
2 | Жолду оңдоо жана калыбына келтирүү иштерин улантуу (5 км) | Кара-Бел, Алмалуу, Кок-Мойнок участоктору. |
3 | Беккери чуңкурун куруу | Айыл четиндеги, орто жана алыс аралыктагы жайыттар |
4 | Мал суу ичүүчү жайларды уюштуруу | Кайнама,Октябрь,Оро-Добо айылдары |
5 | Чабандарды башка жайытка көчүрүүдө чабандар үчүн унааларды уюштуруу | Алай ороону |
6 | Көчмө шайман (раскол) сатып алуу | ЖПБ/ЖК үчүн |
7 | Ветеринардык тейлөөнү уюштуруу | ЖПБ/ЖК үчүн, Корул айылы |
8 | ЖПБ/ЖКнын мүчөлөрүнүн билим денгээлин жогорулатуу | Будалык А/А ЖПБ/ЖК |
9 | Жайыттарды тосуу 1500 метр | Кобургон-Бел, Моло-Бел участоктору |
10 | Тажырыйба катары коп жылдык чөп үрөнүн эгүү (10 га) | Тамга-Терек айылы |
11 | Кой морчо | Кара-Суу участогу |
6. 2018-2022-ЖЫЛДАРГА КАРАТА ЖАЙЫТТАРДЫ БАШКАРУУ ЖАНА ПАЙДАЛАНУУ БОЮНЧА ЖАМААТТЫН ОРТО МӨӨНӨТТҮҮ ПЛАНЫ
6.1. 2018 – 2022-жылдарга жайыттарды пайдалануу планы
Жайыттардын абалын жакшыртуу үчүн жазгы-күзгү жайыттардын түшүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында иреттүү жайыт пайдалануу эрежелерин сактоо жана малдын саны жайыттын сыйымдуулугуна туура келүүсүнө көзөмөл кылуу пландалууда. Жайыттарды которуштуруу планы Жайыттардын абалына мониторинг жана баалоо жүргүзүүнүн (ЖАМБЖны 3-тиркемеден толук тааныша аласыздар) жыйынтыктаранын негизинде жеңил деградацияга учураган участокторду узак мөөнөттүү же 30% эс алдыруу боюнча иш-чаралар төмөндөгү 15-таблицада көрсөтүлгөн.
15 – 2022-жалдарга карата жайыт которуу планы
15-таблица
6.2 Беш жылдык иш-чаралардын планы жана бюджети
Беш жылдык иш-чаралардын планы
16-таблица
№ | Пландалган иш-чаралар | Жайгашкан орду | Мөөнөтү (башталышы жана аякталышы) |
| |
Жайыттарды жакшыртуу | |||||
1 | Жайыттарды жакшыртуу максатында көргөзмө участокторду уюштуруу жана түптөө | Кайнама участогу | 05.2019 – 11.2019 |
| |
2 | Тажрыйба катары эспарцет үрөнүн себүү (10 га) | Тамга-Терек | 04.2020 – 05.2020 |
| |
3 | Жайыттарды тосуу |
|
|
| |
Инфраструктураны жакшыртуу | |||||
3 | Мал суу ичүүчү жайларды уюштуруу (4 даана) | Кайнама,Октябрь,Оро-Добо айылдары | 06.2018 – 11.2018 |
| |
4 | 5 км жолду оңдоо жана калыбына келтирүү иштерин улантуу | Кара-Бел, Алмалуу, Кок-Мойнок участоктору | 05.2019 – 07.2019 |
| |
Мал чарбачылыкты жакшыртуу | |||||
5
| Малдарга жасалма уруктандыруу көчмө пункттарын уюштуруу | Будалык АӨ | 05.2021– 07.2021 |
| |
7 | Көчмө шайман (раскол) сатып алуу | Будалык АӨ | 03.2020 – 05.2020 |
| |
8 | Күпкөнү куруу | Будалык АО | 05.2022 – 08.2022 |
| |
9 | Ветеринардык тейлөөнү түзүү | Будалык АӨ | 2021 |
| |
10 | Жайыттардын абалына МжБ жүргүзүү темасындагы тренинг өткөрүү | Будалык АӨ | 2019 |
| |
11 | Беккери чуңкурун куруу | Будалык АӨ | 2022 |
| |
12 | Ири мүйүздүү малдардын пародасын жакшыртуу максатында бука сатып алуу | Будалык АӨ | 2018 |
| |
Потенциалды жогорулатуу | |||||
13 | ЖК/ЖПБнын мүчөлөрүнө жайыттарды жана мал чарбасын башкаруунун укуктук негиздери боюнча окутууларды өткөрүү | Кара-Су айылы | 2019 |
| |
14 | ЖК/ЖПБнын мүчөлөрүнө иш кагазадарын жана эсеп-кысап жүргүзүү боюнча окутууларды өткөрүү | Кара-Су айылы | 2018 |
| |
15 | ЖК/ЖПБнын мүчөлөрүнө фандрайзинг боюнча окутууларды өткөрүү | Кара-Су айылы | 2019 |
| |
16 | ЖК/ЖПБнын мүчөлөрүнө чыр-чатактарды чечүү боюнча окутууларды өткөрүү | Кара-Су айылы | 2019 |
| |
Будалык ЖПБ/ЖКнын беш жылга карата келечектүү пландын бюджети
Жайыттардын абалына мониторинг жана баалоо жүргүзүү боюнча беш жылдык планы.
Таблица 16.
Инфраструктура | |||
Иш-чара | аткарылат | Бюджет. сом | |
Оро-Добо участогуна мал суу ичүү үчүн ноолорду куруу | 2018 | 275 000 | |
Кобургон-Бел, Моло-Бел жайлоосун тосуу | 2018 | 850 000 | |
Октябрь участогуна мал суу ичүү үчүн ноолорду куруу | 2018 | 275 000 | |
Кичи-Таш-Коро участогуна мал суу ичүү үчүн ноолорду куруу | 2018 | 375 000 | |
Кайнама участогуна мал суу ичүү үчүн ноолорду куруу | 2018 | 275 000 | |
5 км жолду оңдоо жана калыбына келтирүү иштерин улантуу | 2018 | 30 000 | |
|
|
| |
Мал чарбачылыгы | |||
Ири мүйүздүү малдардын асыл тукумдуулугун жогорулатуу максатында бука сатып алуу | 2018 | 200 000 | |
Жасалма уруктандыруу | 2020 | 70 000 | |
Кара-Суу айылында ветеинардык сервис ачуу | 2020- 2021 | 210 000 | |
Октябрь айылына малдарды эмдөө үчүн раскол куруу | 2019- 2020 | 30 000 | |
| |||
Жаныбарлардын ден соолугун коргоо | |||
Жаныбарлардын ден соолугун коргоо боюнча Будалык ЖК алдында план иштеп чыгуу. | 2019 |
| |
Жаныбарлардын ден соолугун коргоо боюнча иштерди жакшыртуу. | 2019 |
| |
Малдарды эмдөө боюнча түшүндүрүү иштерин жакшыртуу. | Ар дайым |
| |
Кара-Суу жана жакынкы айылдар үчүн «Беккер» чункурун куруу. | 2021-2022 | 300 000 | |
Маркетинг план | |||
Тамга-Терек айылына жашылча өстүрүү үчүн теплица куруу. | 2020 | 750 000 | |
|
|
| |
Потенциалды жогорулатуу | |||
ЖК мүчөлүгүнө аялдарды катыштыруу. | 2016-2019 | - | |
Жеке ветеринар врачтарды окуутуунун уюштуруу. | 2016-2017 | 12 000 | |
ЖК мүчөлөрүнө ЖБПЖП түзүү үчүн тренинг өткөрүү. | 2016 | 16 000 | |
ЖКде бухгалтерди, бухгартердик эсеп-учетун үйрөнүү үчүн атайын курстарга катышууну уюштуруу. | 2016-2017 | 8 000 | |
Климаттын өзгөрүшүнө карата жайыттарда натыйжалуу пайдалануу боюнча семинар уюштуруу (жайкы семинар жайытта өткөрүү | Ар жылы | 25 000 | |
ЖАЙЫТТАРДЫ БАШКАРУУ ЖАНА ПАЙДАЛАНУУ БОЮНЧА ЖЫЛДЫК ПЛАНЫ
6.2. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жылдык планы
Будалык А/А жайыт пайдалануучулары көпчүлүк жайыт участокторун 2-3 мезгилди бир пайдаланышат, ал эми айрым участоктор жыл бою пайдаланылат. Айыл аймагынын тургундары жайыт жерлеринен тышкары айыл чарба жерлердин башка категорияларын дагы мал жаюу участоктору катары пайдаланышат (түшүм жыйналгандан кийин айдоо жерлер, көп жылдык бак-дарактар отургузулган, короонун жанындагы жерлер, бадал өсүмдүктөрү, ошондой эле айдалган айдоо аянттары жана башка жерлер).
Төмөнкү 22-таблицада Будалык А/А боюнча мал жаюу участоктордун аталышы жана аянты, ошондой эле мал жайылуучу участоктордун пайдалануу мезгилдери көрсөтүлгөн (анын ичинде мал жаюу үчүн пайдаланылган айыл чарба жерлеринин башка категориялары да бар).
6.3. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жылдык планы
Будалык А/А жайыт пайдалануучулары көпчүлүк жайыт участокторун 2-3 мезгилди бир пайдаланышат, ал эми айрым участоктор жыл бою пайдаланылат. Айыл аймагынын тургундары жайыт жерлеринен тышкары айыл чарба жерлердин башка категорияларын дагы мал жаюу участоктору катары пайдаланышат (түшүм жыйналгандан кийин айдоо жерлер, көп жылдык бак-дарактар отургузулган, короонун жанындагы жерлер, бадал өсүмдүктөрү, ошондой эле айдалган айдоо аянттары жана башка жерлер).
Төмөнкү 22-таблицада Будалык А/А боюнча мал жаюу участоктордун аталышы жана аянты, ошондой эле мал жайылуучу участоктордун пайдалануу мезгилдери көрсөтүлгөн (анын ичинде мал жаюу үчүн пайдаланылган айыл чарба жерлеринин башка категориялары да бар).
Жайыт пайдалануунун учурдагы жана учурдан кийинки пландоо системасы 22-таблица
Эскертүү: жайыт тоюттарынын жалпы көлөмүн пландоо жана эсептөө учурунда жайыттарды Мезгил боюнча пайдалануунун жыштыгы, анын ичинде мал жаюу үчүн пайдаланылган айыл чарба жерлеринин башка категориялары эске алынган. Натыйжада, жайыттардын Мезгил боюнча пайдалануу аянты көбөйүүдө.
Жайыттардын абалын баалоо учурунда айрым жайыт жерлерин ашыкча пайдалануу же аз пайдалануу байкалса, алардын себеби аныкталат, мисалы, сууга жетүү жолдорунун же суу ичүүчү жайлардын жоктугу.
ЖК сунуштаган жайыт жүгүн өзгөртүү төмөнкү тартипте ишке ашырылат:
А/А боюнча жазгы жайыттарда оптималдуу сыйымдуулук 61 жайыт/күндө 4918ШМБ түзөт. Жайыт жүгү жогору болгон жайыт участокторундагы жайыт пайдалануучулар башка участокторго котору жагы суйлошулот. Жайыт пайдалануучулар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү учурунда жаз мезгилинде жайыттарга ШМБ оптималдуу саны жайыла тургандыгы жөнүндө чечим кабыл алынган.
- жай мезгилинде чабандарды жүгү жогору болгон участоктордон жүгү азыраак участокторго которуу макулдашылууда. Будалык А/А боюнча жайкы жайыттардын ресурстарын жетиштируу, алыскы башка а\а тийешелуу Кок-Су жайлоосуна барышат. . Алыскы жайыттарды пайдаланган чабандарга жеңилдиктер беруу учун (чабандарды көчүрүүдө ЖПБ/ЖКнын каражаттарынын эсебинен транспорт менен камсыздоо жагы колго алынууда).
- күз мезгилинде, Күзгү мал жайылуучу участоктордун ресурстары 6543 ШМБ түзөт. Негизинен кузгу жайыт жетиштуу.
- кышында, кышкы тоюттун запастары жетишерлик деңгээлде даярдалат. Жакынкы жайыттардын кунгой жактарына 1646 ШМБ жайылат, ЖПБ/ЖКнын мүчөлөрү жайыт пайдалануучулардын арасында жайыт пайдалануучулардын пландары, башка жайыт участокторуна Мезгил боюнча которуулар жөнүндө маалымат таратышат.
2018-жылга карата келечектүү планда малдын тукумун жакшыртуу жана сандан асыл тукумдуулукту жакшыртууга өтүү, малдын азыктуулугун жогорулатуу жана жайыт тиешелүү түрдө пайдалануучулардын кирешелерин өстүрүү максатында жасалма уруктандыруу боюнча көчмө пунктту сатып алуу пландалган.
Эпизотиялык абалга кыскача мүнөздөмө
ВФКМИ жана ЭЭБдин веб-сайттарында жайгашкан расмий маалыматтын анализине таянсак, жаныбарлар дагы да болсо жугуштуу ылаңдардан жабыркап келишет. Алардын кесепетинен малдын азыктуулугу төмөн болуп, мал чарбачылыгына көз каранды болгон үй-бүлөлүк бюджетти толуктоодо фермердик чарбаларга жана үй чарбаларынаолуттуу экономикалык зыян келтирилүүдө. Мындай абал бир катар жугуштуу жана инвазивдик ылаңдардын козгогучтарын өрчүтүүгө шарт түзгөн региондордун табигый-климаттык шарттарынын өзгөчөлүгүнө, жаныбарларды багуу жана кармоо талаптардын бузулгандыгына байланыштуу.
Жүргүзүлгөн анализге көңүл бурсак, айрым жугуштуу ылаңдарга чалдыгуу дээрлик жок экендиги көрүнүп турат, андыктан аларга каршы алдын ала пландуу иш-чаралар Будалык айыл аймагында туура жолдо бараткандыгынан кабар берет
Малдардын ээлерин жана малдардын ден соолугун коргоо боюнча ветеринардык кызмат көрсөтүүчү ветеринардык адисти сурамжылоо, ошондой эле лабораториялык анализдин жана ушул айыл аймактагы мамлекеттик ветеринардык кызматтын отчетторун изилдөөнүн жыйынтыктары бул айыл аймактын аймагындагы мал айрым жугуштуу ылаңдар менен аз санда ылаңдап тургандыгын көрсөтүп турат. Бул ылаңдардын ичинен
бодо малдын бруцеллозу жыл сайын катталып турат. Мындан тышкары, табигый очоктору бар же жаныбарларды тоюттандыруу жана багуу эрежелери бузулганда пайда болуучу бир катар жугуштуу ылаңдар да кездешет. Алардын алдын алуу үчүн белгиленген пландуу иш-чараларды өткөрүү талап кылынат. Алай районундагы Будалык айыл аймагынын малдардын ден соолугун коргоо планы ушулардын баарын эске алуу менен түзүлгөн.
6.4. Мал жайуунун жылдык календардык планы
Будалык А/А мал жаюу участокторун пайдалануу планы жана мал жаюу графиги 6-тиркеменин 8-картасында көрсөтүлгөн.
Мындан тышкары, ЖК мал жаюу графигин иштеп чыккан. Бул графикте ар түрдүү участоктордо мал жаюу тартиби, болжолдуу күндөрү жана мезгили белгиленген. Мал жаюу графиги Кыргызгидрометтин аба ырайы боюнча божомолун (бир айга божомол, 3 суткага божомол жана аба ырайынын чукул өзгөрүшүн эскертүү) эске алуу менен түзүлөт. Бир айга божомол, иш учурунда, 3 күндүк божомол жана аба ырайынын чукул өзгөрүшү тууралуу жайыттар боюнча берилген эскертүүлөр менен такталат.
Мал жаюу графиги мал жаюу схемасынын ажырагыс бөлүгү болуп эсептелинет
Мал жаюу графигин бир нече жыл бою колдонуу жайыттардын абалын жакшыртуу макстанда мал жаюуну пландоо жана түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча Жайыт комитетин иштиктүү курал менен камсыздайт. Жайыт комитети тарабынан аныкталган жана жайыт пайдалануучулар менен макулдашылган жайыт участокторунда мал жаюу мөөнөтүн Айылдык кеңеш бекитет.
Жайыт комитетинин төрагасы | М.Исаков |