Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-январы № 11/5
“Чолпон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн атайын каражаттар боюнча 2018-жылдын бюджетин бекитүү жөнүндө”
Чолпон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы-эканомика бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчи А.Усубалиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18- беренесинин 3-бөлүмүнө жана 31-беренесинин 2-бөлүмүнө ылайык Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-жыл үчүн Чолпон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн атайын каражаттары боюнча бюджет 400.0 мин сом өлчөмүндө бекитилсин жана төмөнкү максатта пайдаланылсын:
1) Аппаратка 2222 Туз айылындагы латокту ондоо 20.0 мин сом
2) Аппаратка 3112 Чолпон айылына көпүрө салуу 47.0мин сом
3) Аппаратка 2215 Резервдик ротага форма 33.0 мин сом
4) Аппаратка 2218 Тамак-ашка 240.0 мин сом
Каржаттын киреше бөлүмүнүн аткарылышын көзөмөлгө алуу финансы-эканомика бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчи А.Усубалиевге, алардын максатка ылайыктуу пайдаланышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Карбозовго жана финансы-эканомика бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчи А.Усубалиевге милдеттендирилсин.
Төрага | Ч. Женишбеков |