Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 02- апрели № 13/6
“Чолпон айылдык аймагынын айыл өкмөтүндөгү маданият үйлөрүнүн, китепкана башчыларынын 2017-жылга карата аткарган иштери жана көйгөйлөрү жөнүндө”
Чолпон айылдык аймагынын айыл өкмөтүндөгү маданият үйлөрүнүн,китепкана башчыларынын 2017-жылга карата аткарган иштери жана көйгөйлөрү жөнүндө Эпкин, Осовиахим, Чолпон, Ара-Көл жана Туз айылдарынын маданият үйлөрүнүн жана китепкана башчыларынын берген маалыматын угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2017-жылы Чолпон айыл аймагындагы маданият үйлөрүнүн жана китепкана жетекчилеринин аткарган иштери канааттандыраарлык деп табылсын. Айыл тургундарын коомдук иштерге,маданий иш чараларга көбүрөөк тартуу жолдорун кароо маданият үйлөрүнүн жана китепкана жетекчилерине сунушталсын.
2. Чолпон айыл аймагындагы китепкана жана маданият үйлөрүнө жылуулук системасын киргизүү, жаңы жабдуулар менен камсыздоо, электрондук библиотека түзүү иштери айыл өкмөт башчысы А.Карбозовго милдеттендирилсин.
Төрага | Ч.Женишбеков |