Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 23-апрели № 14/3
Нарын облусунун Кочкор районунун Чолпон айыл аймагынын Тармал-Саз участогунун чек арасын орнотуу, тактоо материалдарын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесинин 4-пунктуна ылайык, Чолпон айылдык аймагынын 2018-жылынын чын куран айынын 26дагы №70-б буйругунун негизинде, “Кыргызмамжердолбоорлоо” мамлекеттик жерге жайгаштыруу боюнча долбоорло институтунун Республикалык топурак агрохимиялык станциясы даярдаган Чолпон айыл аймагынын Тармаз-Саз участогунун чек арасын тактоо, орнотуу материалдарын карап чыгып Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор районунун Чолпон айыл аймагынын Тармал-Саз участогунун чек арасын орнотуу, тактоо боюнча даярдалган материалдары бекитилсин.
2. Чолпон айыл аймагынын Тармал-Саз участогунун чек арасын орнотуу, тактоо боюнча материалдарын бекитип берүүгө райондук жер комиссиясына сунушталсын.
3. Токтомду көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | Ч. Женишбеков |