Редакцияот 14.06.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VI чакырылышынын кезексиз ХV сессиясы

2018-жылдын 14 - июну 15/4

“Кочкор районунун Чолпон айыл аймагында ичүүчү таза-суу үчүн төлөмдүн наркын (тарифин) бекитүү жөнүндө”

Аталган маселе боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы А.Карбозовдунмаалыматын угуп жана талкуулап, аталган нарктарды (тарифтерди) эл менен тааныштыруу жана макулдашуу боюнча өткөрүлгөн элдик жыйындардын чечимдерин эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 14-пунктуна ылайык, Чолпон айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл өкмөтүнүн башчысы А.Карбозовдун Чолпон айыл аймагында ичүүчү таза-суу үчүн төлөмдүн наркын (тарифин) бекитүү жөнүндөгү билдирүүсү жана сунуштары эске алынсын.

2. Ара-Көл айыл аймагында ичүүчү таза-сууга болгон төлөмдүн наркы (тарифи) ар бир жанга көчөдөн ташып ичкендерге бир айга 15(он беш) сом, үй ичине киргизип колдонгондорго 30 (отуз) сом өлчөмүндө бекитилсин.

3. Эпкин айыл аймагында ичүүчү таза-сууга болгон төлөмдүн наркы (тарифи) ар бир жанга көчөдөн ташып ичкендерге бир айга 15(он беш) сом, үй ичине киргизип колдонгондорго 15 (он беш) сом өлчөмүндө бекитилсин.

Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам

 

Төрага

Ч.Женишбеков