Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14 - июну 15/5
«Чолпон айыл аймагынын айыл өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен келген 500 000 (беш жүз миң) сом акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө”
Чолпон айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчи А. Усубалиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Чолпон айыл аймагынын Айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Чолпон айыл аймагынын айыл өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен келген 500 000 (беш жүз миң) сом акча каражаты төмөндөгү тартипте жумшалсын:
Багыты | сумма |
Эпкин айылынын Мааткеримов атындагы орто мектебинин спорт залын оңдоого | 380 000 |
Тармал-Саз участкасына картага | 17 800 |
Оро-Башы, Узун-Булак участкаларына картага | 5 600 |
Райондук архивге | 10 500 |
Чолпон, Осовиахим айылдарындагы көчө чырактарына тех. шарт алууга | 63 900 |
Осовиахим айылынын Малтабаров атындагы орто мектебинин жылытуучу системасынын суу насосун алмаштырууга | 15 000 |
Ар кандай чыгымдарга | 7 200 |
Баары | 500 000 |
Төрага | Ч.Женишбеков |