Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 16 - июлу № 16/5
“Чолпон айыл аймагында таштандыларды чыгаруунун наркын (тарифин) бекитүү жөнүндө”
Аталган маселе боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы А.Карбозовдун маалыматын угуп жана талкуулап, аталган нарктарды (тарифтерди) эл менен тааныштыруу жана макулдашуу боюнча өткөрүлгөн элдик жыйындардын чечимдерин эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 14-пунктуна ылайык, Кочкор районунун Чолпон айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Чолпон айыл өкмөт башчысы Карбозов Алайбектин Чолпон айыл аймагында таштандыларды чыгаруу үчүн наркын (тарифин) бекитүү жөнүндөгү билдирүүсү жана сунуштары эске алынсын.
2. Чолпон айыл аймагында графикке ылайык таштандыларды чыгаруунун наркы (тарифи) бир айга ар бир түтүнгө 49 (кырк тогуз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | Ч. Жеңишбеков |